Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 12 отуруму
2022-жылдын 23-марты № 12/2
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №4-Кадырмамат уулу Абдразак атындагы мектеп – интернатын , №4-Кадырмамат уулу Абдразак атындагы Жатак-Лицейи кылып өзгөртүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 12-отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №4-Кадырмамат уулу Абдразак атындагы мектеп – интернатынын жери жана имараты Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында ,Алай районунун борбору Гүлчө айылында жайгашкан.
Алай районунда табийгый-так илимдерди окутууда мурунку жакшы пикирлерди калыптандыруу максатында жана мектеп –интернаттын кыска убакыт ичинде жасаган иш-аракеттерин жана жетишкен ийгиликтерин айтып, балдардын келечеги үчүн, жалпы Алай районундагы окуучулардын билим сапатынын дэңгээлин көтөрүү үчүн Гүлчө айыл өкмөтунүн башчысы С.К.Исаевдин №4-Кадырмамат уулу Абдразак атындагы мектеп –интернатына Жатак-Лицейи статусун берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп,талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун билим берүү бөлүмүнүн мектеп-интернатын жатак-лицейге өзгөртүү сунушу колдоого алынсын.
2. Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинен жатак-лицей ачууга көмөктөшүүсү суралсын.
3. Гүлчө айыл өкмөтү тарабынан жатак – лицейин ачууга карата тиешелүү чаралар көрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтунүн башчысы С.К.Исаевге милдеттендирилсин.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | Исмаилов К.Т. |