Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 12 отуруму
2022-жылдын 23-марты № 12/3
Гүлчө айыл өкмөтунө караштуу М.Адышев атындагы мектеп -гимназиясынын директору А.К.Бөкөбаевдин 2022-жылдын 10-мартындагы №9 каты аркылуу кайрылган билдирүүсүндө мектеп-гимназиянын участогунда окуучулардын коопсуздугуна,мектептин имаратынын пайдубалына коркунуч туудурган мектеп ажатканасынын жанында 2(эки)түп кара жыгач, мектеп подстанциясынын жана электр линиясынын катарында бир түп терек , мектеп имаратына өтө жакын эгилип калган бир түп карагайларды кыйдыруу жөнундө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 12-отуруму Гүлчө айылдык кеңеши мектеп-гимназиянын директорунун билдирүүсүн угуп жана талкулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу М.Адышев мектеп-гимназиясынын 2022-жылдагы 10-марттагы №9 каты аркылуу кайрылган билдирүүсүндөгү мектеп-гимназиянын участогунда окуучулардын коопсуздугуна, мектептин имаратынын пайдубалына коркунуч туудурган 2(эки) түп кара жыгач, бир түп терек, бир түп карагай кыйдырылсын.
2. Кыйылган бак-дарактардын ордуна ийне жалбырактуу карагай көчөттөрүн эгип калыбына келтирүү М.Адышев мектеп-гимназиясынын учурдагы директору Сулайманова Бактыгул Төлөнөвнага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айылдык мыйзамдуулук жана депутаттык этика комиссиясына жүктөлсүн.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | Исмаилов К.Т. |