Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын V- сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 22
Кыдырша” жана “Ынтымак” суу пайдалануучулар ассоциациясынын ички чарбалык каналдарды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
Кыдырша” жана “Ынтымак” суу пайдалануучулар ассоциациясынын ички чарбалык каналдарды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү протоколун, сунуш катынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 10-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, “Суу пайдалануучулардын бирикмелери ( ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу №151 Мыйзамынын негизинде 2022-жылдын 14-мартындагы “Кыдырша” жана “Ынтымак” суу пайдалануучулар ассоциациясынын ички чарбалык каналдарды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө жалпы жыйынынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыдырша” жана “Ынтымак” суу пайдалануучулар ассоциациясынын ички чарбалык каналдарды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө жалпы жыйынынын протоколунун негизинде СПАнын жана СПА бирлигинин ишин колдоо максатында ички чарбалык каналдарды иретке келтирүү, калкка сугат сууну сапаттуу жана өз убагында берилишин камсыз кылуу максатында “Кыдырша” жана “Ынтымак” суу пайдалануучулар ассоцияциясынын ирригациялык, дренаждык тутумдарды жана суу чарба курулмарады Савай айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жана муниципалдык ишкана түзүү боюнча сунушу кабыл алынсын.
2. “Кыдырша”жана “Ынтымак” суу пайдалануучулар ассоциациясынын ички чарбалык каналдарды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү боюнча иш-чаралардын мыйзам чегинде чараларды көрүү боюнча иш-чараларды аткарууга алышсын.
1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Савай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин айыл чарба жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Абдумалик уулу |