Редакцияот 27.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы

2021-жылдын 27-декабры № 7-1

Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын айылдык  кеңештин кабыл алынган чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө жөнүндө.

Айылдык кеңештин кабыл алынган чечимдерин аткарылышын камсыз кылууну жетекчилике алуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык кеңештин кабыл алынган чечимдерин аткарылышын камсыз кылуу боюнча айылдык кеңештин “Мыйзамдулук мандат,этика,укук жана дин иштери “ боюнча туруктуу комиссиясынын търагасы А.Мамасалиевдин билдирүсү депутаттар тарабынан айтылган сын сунуштардын негизинде эске алынсын.

2. Айылдык кеңеш тарабынан спорт жана калктуу конуш жерлерин жер участкаларына, жайыт жерлерин, өнөр жай жерлери катаггориясына которуу жөнүндө кабыл алынган чечимдеринин аткаруу убагы кечиктирилгендиги белгиленип айыл өкмөтүн башчысы А.Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго кабыл алынган чечимдерди өз убагында аткарууну камсыз кылуу жагы эскертилсин.

3. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук мандат,этика,укук жана дин иштери “ боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төөлөс айылдык  кеңештин төрагасы:

З. Жороев