ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 7-2
Айылдык кеңештин депутаттарынын 2021-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө.
Айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулардын арыздарын аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүсүнө көмөк көрсөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин депутаттарынын аткарган иштери жөнүндө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Айылдык кеңештин депутаттарына айыл өкмөтүн cоциалдык, маданий, экономикалык жактан онүгүүсүнө ар тараптан көмөк көрсөтүү сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары Э.Жумабаев, К.Досматов, А.Мамасалиевге, төрайымдары А.Батырова, А.Назарбаеваларга жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңештин төрагасы: | З. Жороев |