ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 7-6
Ноокат РЭТнин Салиева аймактык бөлүмүнүн калкты ,бюджеттик мекемелерди ,соода сатык жана башка ишканаларды электр энергиясы менен камсыз кылуунун абалы , карыздарды өндүрүү, ремонт иштери жөнүндө.
Айыл өкмөтүнүн электр тармактары бөлүмүндөгү аткарылып жаткан иштери боюнча айыл өкмөтүндө жашаган калктын суроо талаптарын, муктаждыктарын жакшыртууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат РЭТнин Салиева аймактык бөлүмүнүн калкты ,бюджеттик мекемелерди ,соода сатык жана башка ишканаларды электр энергиясы менен камсыз кылуунун абалы , карыздарды өндүрүү, ремонт иштери жөнүндөгү туруктуу комиссиянын төрагасы К.Досматовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ноокат РЭТнин Салиева аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине калкты тейлөнүн маданиятын жогорулатуу депутаттар тарабынан айтылган сын - сунуштардын үстүндө иш алып баруу жагы сунушталсын .
3. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин “Айыл, суу чарба. жерге жайгаштыруу ,экология ,жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш , өнөр жай ,кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңештин төрагасы: | З. Жороев |