Редакцияот 03.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2022-жылдын 03-марты № 3

“Отуз-Адыр айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылыштагы) 2021-жылдын 29-апрелиндеги кезексиз XVI сессиясынын айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн кайрак айдоо жана кайрак айдоо жерлеринин ичинде жайгашкан жайыт жерлерин калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳгү № 1 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ.”

Айыл аймагынын турак-жай курууга муктаж болгон тургундарын турак-жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында,Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы турак-жай курууга муктаж болгон айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн айыл аймагына караштуу Кызыл-Абад айылында жайгашкан кайрак

 айдоо жана кайрак айдоо жерлеринин ичинде жайгашкан жайыт жерлер;

№ 11 – 26,05 кайрак айдоо

№ 144 – 3,88 кайрак айдоо

№ 148 – 25,35 кайрак айдоо

№ 107 – 0,20 таза жайыт

№ 108 – 0,43 таза жайыт

№ 146 – 0,20 таза жайыт

№ 150 – 1,53 таза жайыт

№ 149 – 0,41 таза жайыт

Жалпы; 58,05 га кайрак айдоо жана жайыт жер.

Жалпысы болуп Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу 58,05 га жер аянтын айыл чарба жерлери категориясынан калктуу конуштун жерлери категориясына которуу боюнча тиешелүү мекеме-ишканалар менен биргеликте иш кагаздары даярдалсын.

2. Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ сунуш берүү жагы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнѳн жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

А.Каимов