Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-марты № 6
Муниципалдык менчиктеги жерде жайгашкан Кыш-Абад ҮДТсынын мурдагы пайдалануусундагы 0,22 га жер аянтынан аптеканын имараты үчүн 0,01 га жер аянтын ажыратып берүү жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин,Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин III бѳлүмүнүн 2-параграфынын 25-беренесинин 2-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Муниципалдык менчиктеги жерде жайгашкан Кыш-Абад ҮДТсынын мурдагы пайдалануусундагы 0,22 га жер аянтынан аптеканын имараты үчүн 0,01 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Беделов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Т.Жумаев. |