Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-апрели № 1
Жер аянттарын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жѳнүндѳ.
Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылынын Живпром участкасындагы № 221-контурдагы 4,21га таштуу жайыт жерди жана № 222-контурдагы 1,30 га курулуштун орду жайгашкан жерди калктуу конуштун жерлери категориясына которуу максатында, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Абад айылынын Живпром участкасындагы № 221-контурда жайгашкан 4,21га жайыт (таштуу жайыт) жана № 222-контурда жайгашкан 1,30 га курулуштун орду болгон жалпы аянты 5,51га жерди калктуу конуштун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 7-беренесинин негизинде жалпысы болуп 5,51 га жерди калктуу конуштун жерлери категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев).
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары |
А.Каимов |