Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-апрели № 2
Ѳндүрүштүк багытта жер аянтын ажыратуу жѳнүндѳ.
Отуз-Адыр айылдык аймагынын Ак-Жар участкасынын № 348,272,341,344,346,282 жана 349-контурларында жайгашкан 32,0 га жайыт жерлерин ѳндүштүк багытта пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Ак-Жар участкасындагы № 348;272;341;344;346;282,349 контурларда жайгашкан жайыт жерлери категориясындагы жалпы аянты 32,0 га жер аянтын ѳндүрүштүн,транспорт-байланыштын жана башка максаттарга пайдалануунун (органикалык жер семирткичтерди чыгаруучу завод курууга) категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 7-беренесинин негизинде 32,га жер аянтын жайыт жерлер категориясынан ѳндүрүштүн,транспорт-байланыштын жана башка максатта пайдалануунун категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев).
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары |
А.Каимов |