Загрузка документа…
е
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-апрели № 3
Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2022-2026-жылдарга карата түзүлгѳн стратегиялык планын бекитүү жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2022-2026-жылдарга карата түзүлгѳн стратегиялык планы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ айыл ѳкмѳтүнүн 2022-2026-жылдарга карата түзүлгѳн стратегиялык планына ылайык иш алып баруу жүктѳлсүн.(Н.Калматов)
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Беделов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары |
А.Каимов |
723326
Бекитем
Отуз-Адыр айылдык
кеңешинин
төрагасынын орун
басары
Кыргыз Республикасы Ош облусу
Кара-Суу району Отуз-Адыр айылы
Отуз-Адыр айылдык аймагынын
2022-2026 жылдар үчүн
Стратегиялык өнүгүү мерчеми
2022-жыл
Мазмуну:
Кириш сөз.
1. Стратегия элеси.
2. Миссия.
3. Отуз-Адыр айылдык аймагынын профайлы.
4. Тышкы чөйрөнү анализдөө.
5. Отуз-Адыр айылдык аймагынын бюджетин анализдөө.
6. Менчик анализи (Тиркеме 1)
7. SWOT - Анализи.
8. Иш-чаралар:
8.1. Социалдык багыт.
8.2. Экономика.
8.3. Айыл чарба.
8.4. Инфраструктура.
8.5. Кадрлар менен иштөө.
9. Мониторинг.
10.Инвестициялык план
11.Сонку сөз.
Тиркеме 1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн балансасындагы муниципалдык менчик жөнүндө реестр.
Тиркеме 2. Отуз-Адыр айылдык аймагынын инвестициялык планы.
Тиркеме 3. Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө токтому.
Тиркеме 4. Отуз-Адыр айылдык аймагы боюнча жарандарды сурамжылоонун жыйынтыгы.
Тиркеме 5. Отуз-Адыр айылдык аймагынын жарандарынын муктаждыгын баалоо боюнча маалымат.
Тиркеме 6. Жумушчу топтордун курамдары.
Урматтуу айылдаштар!
Биз, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык Кеңештин депутаттары, жаштар өкүлчүлүктөрү жана ошондой эле кызыккан жарандык коомдун өкүлдөрү менен бирге жаӊы 2022-2026 -жылдарга карата стратегиялык өнүгүү мерчемин иштеп чыктык.
Урматтуу окурман, Сиздин колуӊуздагы Отуз-Адыр айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү мерчеми менен толук таанышып чыгышыӊызды каалайт элем, себеби бул планды түзүүдө жумушчу топ өзүнүн болгон күч аракетин жумшап, кызыктуу идеяларды, алдыга койгон максаттарды белгилеп, кыялдануусун дагы жашырган жок. Жазылган ар бир сап айылдын өнүгүүсүнө түрткү боло турган дем менен курчалган.
Биз, Отуз-Адыр айылдык аймагынын тургундары, өнүгүү мерчемин ишке ашырылышына бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшайбыз жана кандай кана кыйынчылык болбосун, биримдикте иш алып барып, айыл аймагыбызды эӊ алдынкылардан кылууга аракет жумшап, жарандарыбыздын бакубат жашоого жетишине түрткү берерибизге мен ишенем.
Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы: |
Н.А.Калматов. |
1.Стратегия элеси.
Биз, Отуз-Адыр айылдык аймагынын тургундары келечекте айылдык аймагыбызды
ü Айыл жана мал чарбасы жаңы алдыңкы технология менен өнүккөн,
ü социалдык тармактары жогорку денгээлде (балдар бакчалары, мектептер, спорттук аянтчалар, китепканалар, медициналык имараттар жетиштүү, эл таза суу, газ жана электр энергиясы менен толугу менен камсыз болот);
ü сапаттуу билим жана сапаттуу медицина кызматы менен камсыз болгон;
ü айыл жана мал чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жана жергиликтүү ресурстар менен иштеген ишканалар ачылып, эл жумуш орду менен камсыз болгон;
ü эли бакубат турмуш жашоого жетишкен;
ü экологиясы таза, көчөлөрү түз,асфальтталган, жарык, таза жана гүлдөрү көп,көчөнүн боюна ийне жалбырактуу дарактар отургузулган инфраструктурасы өнүккөн айылдарыбызды;
ü эли маданияттуу, маданий мурастарды сактаган жана башка улуттардын да каада-салтын сыйлаган;
ü башкарууда күчтүү, профессионал кадрларга ээ болгон, ынтымактуу жана билимдүү;
айылдык аймак деп көрөбүз!!!
2.Миссия.
ü Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы элеске жетүү үчун элине бардык шарттарды түзүү;
ü Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы элеске жетүү үчүн ар бир жаранга, коомдук уюмга жана башка жарандык коомдук окутунун
ü муниципалдык жана мамлекеттик органына Кыргыз Республикасын мыйзамдарына ылайык бирдей шарттарды түзөт;
ü Башкаруу органында бардык иш чараларды ачык айкындуулук
ü принциптеринин негизинде аткаруу;
ü Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айылдык аймактын өнүгүүсүнө толук маалыматтарды берүү, жарандарды чечим кабыл алуу процессине катыштыруу.
ü
3.Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүН профайлы.
Отуз-Адыр айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 1996-жылы 16 сентябрда түзүлгөн. Айыл өкмөтү райондун борборунан алыстыгы 14 км., облустук борбордон 18 км., темир жол станциясынан 15 км, эл аралык «Ош» аэропортунан 32 км алыстыкта жайгашкан. Айылдык аймак статус алган Отуз-Адыр, Кыш-Абад, Ынтымак, Кара-Дөбө, Кызыл-Абад, Жаӊы-Кызыл-Суу, Савай-Арык ,Тынчтык жана Фархад айылдарынан турат.
Айылдык аймак батыштан Мады, чыгыштан Сары-Колот, түндүктөн Савай, түштүктөн Катта-Талдык айылдык аймактары менен чектешет. Айылдык аймактын түштүгүнөн түндүккө карай дал ортосунан «Машраб-Сай» сайы өтөт. Чыгыштан батышка карай Отуз-Адыр каналы кесип өтөт. Ал канал 6 айылдык аймакты сугат суу менен камсыз кылып турат.
Айылдык аймактын рельефи дыйканчылык жана мал-чарбасы менен иштөөгө ыӊгайлуу. Дениз деӊгээлинен бийктиги 900 – 1300 м. Климаты дыйканчылык үчүн ынгайлуу, мезгил алмашуу өз убагында болот. Ошондуктан дыйкандар бир сезондо эки түшүм алууга мүмкүнчүлүк алышат. Негизинен дарбыз, ашкабак, бадыраӊ-помидор, чеснок, пияз, картошка жана техникалык (пахта,жүгөрү,тамеки) өсүмдүктөрүдү өстүрүшөт. 350га мөмөлүү бак-дарак аянты бар. Ал жерге алма, өрүк, шабдаалы жана алмурут тигилген,
Калктын саны 01.01.2022 жылга карата: кожолук саны 3075, калктын саны 19146 адам, анын ичинен 8655 эркек, 8731 аялдар түзөт.
Калктын улуттук курамы:
Айыл өкмөтүнүн аппаратында 31 штаттык бирдик бекитилген. Аппаратта 19 эркек, 12 аял эмгектенет.
Айыл кенешинин курамы 21 депутаттан турат, алардын 21 тең эркек.
Айыл өкмөтүнүн киреше булактары:
Айылдык аймактын калкынын:
Тармактарында алектенишет.
Айылдык аймактын жалпы жер аянты – 9839 га. Айыл чарба жерлери 6913 га.
жер аянтын түзөт.
Айылдык аймакта мал чарбачылыгы боюнча 1 ветсервис жана 1 ветеринардык аптека, 7 ветеринар кызмат көрсөтүп жатат.
Алардан алынган продукциялардын түрлөрү:
Айылдык аймактын 70% калкы таза суу менен камсыз болгон. Айылдык аймакта калкты ичилүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча 3 коомдук бирикме кызмат көрсөтөт.
Сугат суу маселеси айылдык аймакта анча эле көйгөй жаратпайт . Отуз-Адыр каналына 20куб метр суу келет. Жай айларында айылдарга сугат суу график менен берилет. Айылдык аймакта 3 СПА кызмат көрсөтөт.
Таштандыларды тазалоо иштери айыл өкмөтү жана жамааттар менен бирге жүргүзүлөт.
Айылдык аймакта 3 ФАП, 2 YДТ (үй–бүлөлүк дарыгерлер тобу) элге кызмат кылат.
Айылдык аймактын аймагындагы чарба жүргүзүүчү субъектер:
Дыйканчылыкта өндүрүлгөн продукциялар Ош жана Кара-Суу шаарларынын базарларында жана Бишкек-Ош автотрассасынын боюнда сатылат. Күнөсканаларда өстүрүлгөн помидор жана бадыраӊ , кышында Ош шаарында жана элге сатылып турат. Айыл чарба продукцияларын муздатып сактоо максатында 3 муздаткыч дыйкандарга кызмат кылат.
Айылдык аймактын аймагында 7 орто мектеп жана 5 бала бакчасы балдарга билим жана тарбия беришет.
Кара-Дөбө айылындагы №9 М.Тешебаев жана Жаӊы-Кызыл-Суу айылындагы Октябрдын 70-жылдыгы атындагы орто мектептердин имараттары авариялык абалда.
Ар бир мектепте китепкана жана спорттук аянтчалары бар. Мындан тышкары Отуз-Адыр айылында 1 китепкана, 1 маданий-спорт комплекси, 1 маданият үйү, 1 мини футбол аянтчасы , 1 стадион бар.
Бала бакчаларда:
Айылдык аймактын территориясында «Мөл Булак» жана «Компаньон» кредиттик уюмдары иштеп келет, бирок кредит берүүнүн пайызы жалпысынан 22 – 28% түзөт.
1995-жылдагы реформада айылдык аймакта ар бир адамга жер негизинен 0,15 га суулу жана 0,03-0,06га кайрак жер бөлүнүп берилген. 1995-жылдан кийин төрөлгөн жаштардын жер үлүшү жок жана жерди иштетүүдө кайтарымы аз болгондуктан , жаштардын 35-40% Россия Федерациясына иштөө үчүн кетет.
4.Тышкы чөйрүнү анализдөө.
Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылдык аймагы Кыргыз Республикасынын «2022-2026-жылдар үчүн Кыргызстанды өнүктүрүү Стратегиялык планы»нын алкагында айыл аймагынын стратегиялык мерчеми кабыл алынган.
Стратегиялык мерчемдин негизги максаты айыл тургундарынын турмуш шартыны жакшыртуу, айылды көрктөндүрүү жана элге көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуудан турат. Булар элди таза ичимдик суу менен камсыз кылуу, медицина кызматынын сапатын көтөрүү үчүн YДТ жана ФАПтардын материалдык-техникалык базасын бекемдөө, ошондой эле мектептердин, бала бакчаларынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө аркылуу билим сапатын жогорулатуу болуп эсептелинет. Элдин негизги киреше булагы болгон айыл жана мал чарбасын өнүктүрүү, жер менен иштөөдө жаӊы технологияларды айыл тургундарына жеткирип туруу, жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен айылда кичи ишканалар ачууга көмөктөшүү аркылуу кошумча иш орундарын түзүү, айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу – көрктөндүрүү, жол, электр энергия, суу ресурстарын жана социалдык ,адмнистративдик объектилерди куруу менен ремонттоодон турат.
Айыл өкмөтү кабыл алган стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн мамлекетибиз тарабынан кабыл алынган Программалар, Мыйзамдар негизинде иш алып барууда.
Мисалы үчүн: «2015-жыл улуттук экономиканы көтөрүү жылы» деп жарыялаган.
Мына ушул максатта айылдык аймактын аймагында да 15 тен ашык кичи ишканалар ачылды, булар мебелдерди даярдоо жана реставрация кылуу цехтери, аялдар үчүн чеберкана, мончо, набайкана, коомдук тамктануу жайлары, соода түйүндөрү, күнөсканалар, муздаткычтар жана башкалар.Бул ишканаларда 200 дөн ашык адам иш менен камсыз болушкан.
2015-жыл «Улуттук экономиканы көтөрүү» жылында элдин турмуш шартын дагы да жакшыртуу жана айыл чарба продукцияларын сатууга шарт жаратуу максатында, Бишкек-Ош автотрассасынын боюнда күнү-түнү айыл чарба продукцияларын сатуучу түйүндөр ачылып, элдин киреше булагы көбөйүп жатат.
Отуз-Адыр айылдык аймагы тышкы инвестицияны алып келүүдө, чет элдик донорлор менен өз ара кызматташтык кылууда да тажырыйбасы жетиштүү. 2022-2026-жылдарга айылдык аймактагы 10 айылды ичилүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИС аркылуу долбоорду ишке ашыруу үчүн макулдашылды.400млн сом каржыланат АРИС тарабынан
MSDSP KG - Кыргызстандын Тоолуу Аймактарындагы Жааматтардын Өнүгүүсүн Колдоо Программасынын Коомдук Фонду (Ага-Хан фондунун демилгеси) «Коомчулуктардын демилгелерин колдоо аркылуу социалдык биримдикти бекемдөө»долбоору менен Отуз-Адыр айылы аркылуу өтүүчү Бишкек-Ош автотрассасынын боюна түнкү шам чырактарды орнотуу, Зымырык айылындагы балдар бакчасынын ички ажаатканасын куруу жана айылдык аймактагы мектептерге диопроекторлорду алып берүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга да жетишилди.
Айыл өкмөтү ички инвесторлорду тартууда чоӊ иштерди алып барууда. Айылдардын ифраструктурасын жакшыртуу максатында , бизнес чөйрөсүнө аралашкан атуулдар айылдарга күнөсканаларды, муздаткычтарды, элди тейлөөчү заманбап мончолорду, ири соода түйүндөрүн курууга жана автотрассага светофорду коюуга чоӊ салым кошуп жатышат.
Айыл өкмөтү өзүнүн стратегиялык мерчемин ишке ашырууда чет элдик инвестиция жана мамлекеттик ишканалар менен үзүрлүү кызматташтык кылып келүүдө.
2018-2019-жылдарда айыл өкмөтү КР Финансы министрлигинин түрткү (дем) берүүчү грантынан 1 684 500 сом акча каражатын алып келди. Ал каражаттарга Кыш-Абад айылындагы М.Тешебаев атындагы орто мектебинин короосуна жеңүүчү болуп табылган ОсОО “Даут-Кылыч” ишканасы тарабынан 2046квм брусчатка басылды. Андан сырткары Отуз-Адыр орто мектебинин эшик жана полдорун оңдоого жеңүүчү деп табылган ОсОО Мега-Ремонт ишкансы тарабынан аткарылды. 2017-2021-жылдары «Машрап-Сай» сайынын чыгыш жана батыш тарабына жалпы 400п/м дамба, элдин турак-жайларын сактоо максатында курулду.
2021-жылы Отуз-Адыр айылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1км С.Орозбаев көчөсүнө 4300миң сомдук асфальт басылды.
2015-2016-жылдары Кара-Дөбө жана Жаӊы-Кызыл-Суу айылдарындагы 275 орундуу орто мектептердин курулуштары республикалык бюджеттин эсебинен башталып, 2023-2025-жылдары бүтүрүү мерчемделип жатат.
Ассамабиль коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан 10млн.сомдук ГСВ Магазин, Мечит, тигуу цех курулат.
Айыл өкмөтү өз алдына койгон максатына жетүү үчүн тышкы мамилелерди дагы да бекемдеп баруу керек, чет элдик инвесторлор, донордук уюмдар, мамлекеттик ишканалар, жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар, жааматтар жана башкалар менен тыгыз байланышта болуусу зарыл.
5.Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетин анализдөө.
Бул документте Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2018-2021 жылдардагы бюджетин анализдөө көрсөтүлгөн.
Бюджетти анализдөө максаты-тенденцияларды аныктоо, бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүктөрүнүн түзүлүшүн аныктоо, киреше булактарын көбөйтүү жана рационалдуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн табуу.
2018-2021-жылдардагы бюджеттин көрсөткүчтөрү киреше жана чыгашанын чындап даражасынан келип чыкты. 2021-2026-жылдарга коюлган сандар пландаштырылган мааниде.
А. Кирешелердин структурасы.
Бюджеттин киреше бөлүгү төрт негизги булактан түзүлөт:
1. Салыктан түшкөн киреше (мисалы: сатуудан түшкөн салык, милдеттүү жана ыктыядуу патенттин негизиндеги салык, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салык, айыл чарба жерлерине төлөнүүчү салык ж.б);
2. Салыктык эмес киреше (мисалы: КБФ жерлерин пайдалануудан алынуучу ижара акылар, имараттарды пайдалануудан ижара акылар, администрациялык жыйымдар жана төлөмдөр жана башкалар);
3. Трансферттер (республикалык бюджеттин эсебинен келүүчү теӊдештирүүчү, категориялык жана түрткү берүүчү гранттар, чет өлкөлүк инвесторлордон жана донордук уюмдардан түшүүчү гранттар, демөөрчүлөрдүн салымдары);
Бюджеттин киреше тенденциясы төмөндөгү принциптердин негизинде түзүлгөн:
Салыктык кирешелер көбөйүү эсебинде пландаштырылган. Салыктык эмес кирешелер туруктуу даражада пландаштырылат. Трансферттердин төмөндөгүчө тенденциясы бар.
Көргөзмөлүү төмөндөгү диаграмма түрүндө көрсөтсө болот
миӊ сом
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн кирешелер тенденциясы
№ | Аталышы
| 2018-ж факт | 2019-ж факт | 2020-ж факт | 2021-ж план | ||||
сумма | % | сумма | % | сумма | % | сумма | % | ||
1. | Салыктык кирешелер | 7901,0 | 37,2 | 9850,2 | 41,4 | 10807,0 | 43,6 | 15704,1 | 47,0 |
2. | Салыктык эмес кирешелер | 3934,7 | 18,5 | 3912,2 | 16,5 | 3412,8 | 13,8 | 5366,2 | 16,0 |
3. | Трансферттер | 9432,4 | 44,3 | 10006,7 | 42,2 | 10576,9 | 42,6 | 12354,5 | 37,0 |
4. | Жалпы киреше | 21268,1 | 100 | 23769,1 | 100 | 24796,7 | 100 | 33424,8 | 100 |
Таблицаны анализдөөдө көрсөткөндөй, жылдан жылга салыктык кирешелер кирешенин жалпы структурасы өстү (2019-жылда 72% тен 2021-жылы 111% ке чейин). Трансферттердин көлөмү төмөндөшү ачык айкын көрүнүп турат. Салыктык эмес кирешелер өзүнүн салыштырма салмагын сактап турат (60-63%).
Бул анализ оӊ тенденцияларды тастыктайт, жыйымдардын жогорулашы жана салыктык кирешенин салыштырмалуу салмагы төмөндөгү фактылар жөнүндө айтат:
- салыктарды жыйноо жана бөлүштүрүү процесстерин жакшыртуу;
- жергиликтүү булактардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин көбөйтүү;
- калктын экономикалык активдүүлүгүнүн жогорулашы;
- социалдык инфраструктурага кошумча чыгашаларды пландаштыруу мүмкүнчүлүктөрү.
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2018-2021-жылдарга бюджетинин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрү төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн/
миӊ сом
Жыл | 2018-факт | 2019-факт | 2020-факт | 2021-план |
|
Киреше, миӊ сом | 21268,1 | 23769,1 | 24796,7 | 33424,8 |
|
4 жыл ичинде кирешелердин 123 пайызга өсүшү пландаштырылат. Бул бир тараптан оӊ тенденция. Башка тараптан кирешенин 4 жыл ичинде 123% өсүшү - бир канча суроолорду туудурат. Инфляцияны эсепке алганда, кирешелердин өсүшү прогрессивдүү мүнөзгө ээ болушу керек.
Ошондуктан, жыйынтык чыгарсак болот, кирешелердин көбөйүү тенденциясын сактоо үчүн ар кандай тобокелдерди эске алуу зарыл, аныгыраак:
- инфляцияны (аныкталган жылдарда 8-12% түзөт);
- пландаштырылган кирешелерди толук эмес алуу тобокели;
- товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүү тобокели, пландаштырылган иш чаралардын аткарылбай калуу тобокели;
- кризис учурунда салыктарды топтоонун төмөндөө тобокели жана экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшү.
Анализ көрсөткөндөй учурдагы киреше жана салыктарды жыйноо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы анык. Ошондой эле Отуз-Адыр айыл өкмөтү бюджетти пландаштырууда жогоруда көрсөтүлгөн тобокелдерге көӊүл буруусу зарыл.
Отуз-Адыр айыл өкмөтү жеке ишкерликтин өнүгүүсүн жана колдоону артыкчылыктардын бири деп эсептейт. Ишкерликтин өнүгүүсү аркылуу жаӊы жумуш иш орундары пайда болот, жергиликтүү бюджетке төлөөлөр көбөйөт. Айыл өкмөттүн жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан жеке ишкерликке жана айыл чарбанын өнүгүүсүнө ыӊгайлуу шарттар жаралууда. Булар төмөндөгүлөр: ижарага жер берүү, иш кагаздарын тапшырууга жардам берүү, жергиликтүү ресурстарды пайдаланууга көмөк көрсөтүү, айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө шарттарды түзүп берүү.
Агрардык сектордо жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө, жеке ишкерликти өнүктүрүү боюнча кызыгууну ойготууда.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттеринин бири болуп, өзүнүн иш аракеттерин эффективдүү аткаруу үчүн ар дайым бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп эсептелет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын төмөнкү категорияларга таасири бар:
- Жерге, жайыттарга ижара акыны көтөрүү.
- Жергиликтүү салыктардын базалык ставкасын айылдык Кеӊешке көтөрүү боюнча сунуш берүү.
- Донордук уюмдардан, эл аралык долбоорлордон каражаттарды тартуу.
Бюджеттин киреше жыйымдардын эффективдүүлүгүн көбөйтүү чаралары:
Б. Чыгашалардын структурасы.
Бюджеттин чыгаша бөлүгү ар кандай бөлүктөрдөн турат:
1. Эмгек акы жана социалдык фондко төлөмдөр;
2. Жол акы, байланыш кызматы, транспорттук кызматтар;
3. Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу;
4. Тамак-аш азык түлүктөрүн сатып алуу;
5. Мүлктү оӊдоого кеткен чыгымдар;
6. Керектелүүчү материалдарды сатып алуу;
7. Көмүр жана башка отундарды сатып алуу;
8. Коммуналдык тейлөөгө кеткен чыгымдар;
9. Электроэнергия үчөн төлөм;
10.Калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча пособиялар;
11.Техника жана жабдуулар;
12.Башка чыгашалар;
Чыгашаларды 2018-,2019-,2020- жылдарга (факт) жана 2021-жылга диаграммада төмөндөгүчө көрсөтсө болот.
миӊ сом
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн
чыгашалар структурасы
№ | Чыгашалардын Түрлөрү
| 2018-жыл факт | 2019-жыл факт | 2020-жыл факт | 2021-жыл факт | ||||
сумма | % | сумма | % | сумма | % | сумма | % | ||
1. | Эмгек акы,соцфонд төлөмдөрү | 5828,0 | 25,5 | 6303,9 | 25,8 | 6619,3 | 30,1 | 6854,1 | 24,2 |
2. | Жол акы,байланыш,транспорт кызматтары | 454,5 | 2 | 404,8 | 1,7 | 426,6 | 1,9 | 435,7 | 1,5 |
3. | Товарларды,жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу | 4038,5 | 17,7 | 3300,8 | 13,5 | 4464,3 | 20,3 | 3686,7 | 13 |
4. | Тамак-аш,азык-түлүктөрдү сатып алуу | 3005,6 | 13,1 | 3517,9 | 14,4 | 1001,6 | 4,6 | 2692,9 | 9,5 |
5. | Мүлк жана жабдууларды оӊдоо | 2873,7 | 12,5 | 5442,3 | 22,3 | 3754,7 | 17,1 | 9008,4 | 31,7 |
6. | Материалдарды сатып алуу | 1140,6 | 5 | 718 | 2,9 | 370,6 | 1,7 | 395,4 | 1,4 |
7. | Көмүр,отун сатып алуу | 1505,1 | 6,6 | 1379,0 | 5,7 | 1497,2 | 6,8 | 1542,1 | 5,4 |
8. | Электроэнергия үчүн төлөм | 1524,1 | 6,7 | 1652,8 | 6,8 | 1636,0 | 7,5 | 2215,5 | 7,8 |
9. | Калкка социалдык жардам | 441 | 1,9 | 823 | 3,4 | 792,0 | 3,6 | 1282,0 | 4,5 |
10. | Техникалык жабдуулар | 2055,6 | 9,9 | 836,1 | 3,5 | 1414,4 | 6,4 | 267,0 | 1,0 |
11. | Баары: | 22866,7 | 100,0 | 24378,6 | 100,0 | 21976,7 | 100,0 | 28379,8 | 100,0 |
Ушул эле маалыматтарды чыгашалардын жалпы структурасынын ар бир статьясында көрсөтсө болот. Чыгашалар 3 жыл эсебинде суммардык көрүнүштө көрсөтүлгөн жана чыгашалардын жалпы структурасынын ар бир статьясынын салыштырмалуу салмагы эсептелинген.
Диаграмманы анализдөө көрсөткөндөй чыгашалардын эӊ көп статьялары болуп башка товарларды жана кызматтарды сатып алуулар, эмгек акысына жана мүлктү оӊдоого кеткен чыгашалар болуп эсептелинет (жалпы бюджеттен 69% түзөт).
Ошондой эле жыйынтыкта бюджетте жыл сайын чыгашалардын өсүү темпи пландаштырылган. 2018-жылдан 2021 жылга чейин чыгашалар 15% өсөт.
Айыл өкмөтү өзүнүн иш аракеттеринин эффективдүү аткарууда анча көп эмес чыгашаларды кетирбей, аткаруу принциптерине таянуусу зарыл. Сарпталган каражаттардын ар бир сомунан пайданы көбөйтүү керек.
Аткарылган чыгашалар тастыкталган смета боюнча негизделет. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгашалар сметасын аткарууга аракетенүүсү керек. Корголгон статьяларга өзгөртүүгө жана таасир тийгизүүгө болбойт (мисалы, кызматчылардын эмгек акысы). Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары өзгөрүүчү чыгашалар статьясына таасир этиши мүмкүн (электроэнергия, товарларды,жумуштарды,кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана башкалар).
Жакшыртуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттин чыгаша бөлүгүн түзүүдө жана аткарууда төмөндөгү факторлорго көӊүл бурушу керек:
В. Жалпы бюджеттик баланс:
Бюджетти пландаштырууда жана аткарууда бюджеттин тартыштыгы пайда болуу тобокели.
- Бюджеттин тартыштыгынын жаралуусун себептерин анализдөө;
- Кошумча эсептөөлөр жүргүзүп, каражаттардын жетишсиздигин эсепке алып, кыскарта турган чыгашаларды анализдөө;
- Айыл өкмөттүн бюджетин аныкталган мезгилге кайрадан карап чыгуу жана бюджеттик комиссия кээ бир чыгашаларды кыскартат жана бюджетке өзгөрүүлөрдү иштеп чыгат.
- Жергиликтүү Кеӊештин кезексиз сессиясы чакырылат жана бюджеттин өзгөрүүлөрүн тастыктайт.
Бюджеттин профицити да пайда болушу мүмкүн. Мында учурда бюджетке өзгөрүүлөр киргизилет. Чыгаша бөлүккө учурдагы мезгилде каржылана турган иш чаралар кошулат. Ошентип бюджеттин профицит эсебинен кошумча иш чаралар жана айылдардын көйгөйлөрү каржыланат.
Мисалы үчүн, 2015-жылы 678,0 миӊ сом, 2016-жылы - 900,0 миӊ сом инвестициялык долбоорлорго акча ажыратылды.
Г. Карыз потенциалы.
Ар кандай кайтарылгыс булактардан келген каражаттарды тартуу политикасы жок.
Е. Бюджетти даярдоо процесси.
Аныкталган мезгилдин бюджеттин түзүү кирешелерди анализдөө жана потенциалдык чыгашаларды анализдөөдөн башталат. Мындан сырткары жыл сайын КР Каржы Министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджеттин чыгаша мерчеми түзүлөт.
Берилген маалыматтардын негизинде айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылга бюджеттин мерчеми түзүлөт.
Дал ушул бюджеттин мерчеми коомдук угууларга алып чыгылат жана ар кандай катмарларда талкууланат (айыл өкмөт кызматкерлери, калк, жергиликтүү жамааттар жана активисттер).
Бюджеттик угууларды жүргүзгөндөн кийин жергиликтүү кеӊештин депутаттарынан турган бюджеттик комиссия бюджеттин финалдык мерчемин даярдайт.
Андан соӊ, бюджеттин мерчеми жергиликтүү кеӊештин кезектүү сессиясында каралат. Керек болсо баштапкы мерчемге өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Бюджет жергиликтүү кеӊештин депутаттары тарабынан бекитилет. Бул процесске жергиликтүү кеӊеш тарабынан токтом кабыл алынат.
Жыйынтыгында, айылдык кеӊеш тарабынан бекитилген бюджет айылдык аймактын жашоочуларына тааныштырылат.
Ошентип, бюджеттештирүүдө ар кандай тараптар катышат жана ачык- айкындуулук болот.
6.Менчик анализи (тиркеме 1).
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн балансында турган менчиктер жөнүндө маалымат №1 тирекмеде көрсөтүлгөн
Маалыматта Отуз-Адыр айылдык аймагынын күчтүү, алсыз, мүмкүнчүлүк жана коркунуч жактары каралып, анализдин жыйынтыгы менен өнүгүү планында алсыз жана коркунуч жактарын басандатуу, мүмкүнчүлүктөр менен күчтүя жактарын колдонуу жагына көӊүл бурулган.
Жыйналган маалыматтар тезис түрүндө SWOT анализде жыйынтыкталды.
SWOTко кирген маалыматтар:
- муниципалитеттин профайлы;
- жергиликтүү бюджеттин анализи (киреше, чыгаша);
-муниципалдык активдердин анализи;
-тышкы чөйрөнүн анализи;
-жарандарды сурамжылоонун жыйынтыктары (буклет аркылуу);
-өнүгүү планынын отчетунун жыйынтыгы;
-PRA жыйынтыктары.
Күчтүү жактары: | Алсыз жактары: |
· 2022-жылдын 1-январына карата 3075 түтүндү түзүп, жалпы жашоочулардын саны 19146 адамга жеткен. · 2022 -жылы жалпы айыл чарба жери 6913 га, анын ичинен айдоо аянтынын 3880 га, сугат жери 3011га, кайрак 869 га, жайыт 1614 га. Бак · 383 га, кайра бөлүштүрүү фонддун жери 700 га түзөт. · Айылдык аймактын тургундары дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенишет, мал чарбасы менен 30 %, дыйкан чарба 55 %, соода –сатык 10 %, кызмат корсотуу 3%, башкалар 2%. · Айылдык Кенешинин курамы 21 депутаттан турат, депуттардын айылдык Кеӊеши бекиткен 2022-2026 жылдар үчөн өнүгүү Стратегиялык план менен бардык иш-чаралар, тарифтер менен айылдын тургундары иш жүргүзүшөт. · Эл 70 % таза суу менен камсыздалган · 7 орто мектеп, 5 бала бакчалары, спорттук майданчалар, YДТ, ФАП, 1 маданият үйү, 1 маданий-спорт комплекси, 1 стадион жана мини футбол аянтчасы, китепкана жана айылдык милиция бөлүмчөсү бар. · Айыл аймактын территориясында 2 банк, кичи ишканалар, соода түйүндөрү бар · 2019-2021 жылдарда айыл өкмөтүнүн бюджетинин 42 % социалдык тармакка жумшалган. · Айыл аймагы жайгашкан жер облустук борбордон 18км жана райондук борбордон 14км алыстыкта жайгашкан. · Айыл аймагынын территориясында жогорку билимдуу кадрлар, жеке ишкерлер көп. · Айыл аймагында бюджетти кабыл алуу ачык- айкындулук менен өткөрүлөт. | · Айыл чарбасында техника, жер семирткичтер, сапаттуу үрөндөр жетишсиз жана бул багытты тейлөөчү агроном адис жок. · Дыйканчылыкта жетиштирилген продукцияларды сатуу кыйын. · Продукцияларды кайра иштетуучу муниципалдык кичи ишканалар жок. · Продукцияларды сапатын текшешерүүчү лабораториялар жок. · Социалдык багытта: Кара-Дөбө айылындагы М.Тешебаев жана Жаӊы-Кызыл-Суу айылындагы Октябрдын 70-жылдыгы атындагы орто мектептердин имараттары авариялык абалда. · Ынтымак айылында мектеп жок. · Мектептерде инвентарлар жана окуу китептери жетишсиз. · Балдар үчүн дем алуу аянтчалары, жай мезгилинде лагерлер жок. · Айыл аймагындагы 5 мектеп капиталдык ремонтту талап кылууда. · Кара-Дөбө, Кызыл-Абад, Жаӊы-Кызыл-Суу жана Савай-Арык айылдарында бала бакчалары жок. · YДТ да шарт начар болгондуктан медициналык тейлөө начар. · Инфраструктура боюнча: Айылдык аймактагы ички жолдор союз таркагандан бери каралбай, абалы начар. Жаӊы конуштарга трансформатор, электр мамыларын коюу начар.
|
|
Мүмкүнчүлүктүрү: | Коркунучтары: |
· Айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө бардык ыӊгайлуу шарттар бар · Продукцияларды сатууну жолго койууга шарт бар, Бишкек-Ош автотрассасында түнкү базар ачылган. · Чет эл инвестициялары, мамлекеттик бюджет, айылдык аймактын бюджети, элдин колдоосу менен мектеп, балдар бакчасы, жолдор, көпүрөлөрдү курууга жана каналдарды ремонтоого мүмкүнчүлүктөр бар. · Таза суу менен айылдык аймактын 100 % жашоочуларын камсыздоого мүмкүн. · Жетишсиздиктерди жергиликтүү бюджетти көтөрүү менен чечүү мүмкүн. Ал үчүн бюджетти көтөрүү керек, бардык ишканалардын, дыйкан чарбалардын, жеке ишкерлердин, элдерди өз убагында салыкты төлөөтүүгө жетишүү керек. · Маданий үй, парк, спортту өнүктүрүү менен, балдардын эс алуусун уюштуруу мүмкүн. · Элдин демилгесин колдоо аркылуу, жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен кичи ишканаларды ачуу мүмкүн.
| · Жердин кайтарамдуулугу жана мал чарбасы төмөндөп кеткендиги себептүү акыркы жылдарда үй-бүлөлүк киреше азайышына чоӊ таасирин тийгизүүдө. · Айылдагы таштанды маселеси экологиялык курч абалга алып келүүсү мүмкүн. · Айыл аймактын климаты өзгөрүүдө. Жаз-күз айлары жаан-чачындуу келип, жай мезгилинде өтө ыссык, кыш суук болгондуктан дыйканчылыкка терс таасирин тийгизиши мүмкүн · Билим берүү мекемелеринин материалдык – техникалык абалдарынын жылдан жылга начарлап баруусу жана кадрлардын жетишсиздигинен, билим берүү сапаты төмөндөп кетиши мүмкүн. · Айылдык аймакта жаштар саналуу гана жерде спорт менен машыгышат, жаш өспүрүмдөрдүн бош убактылары толук камтылбагандыктан терс көрүнүштөргө аралашпоосуна кепилдик жок. · Айылдык аймакта жумуш орундарынын жетишсиздигинен жаштардын чет өлкөлөргө миграциясы көбөйдү. · Ички каналдардын абалы начарлаган сайын сугат суу айдоо жерлерине жетпей калышы менен кайрак жерлерге айланып кетүү коркунучун туудурууда, агрохимиялык эрежелер сакталбагандыктан айдоо жерлерди отоо чөптөр жана камыш басуусу күчөөдө. · Жолдордун начардыгынан автоавариялар, кырсыктар көбөйүшү, конфликтердин келип чыгышы мүмкүн. · Диний –экстремизмдин күчөшү менен конфликттер келип чыгышы мүмкүн.
|
8.1.Социалдык багыт.
Стратегиялык максат – 1.1 Айылдардын ифраструктурасын,билим берүү системасын жана элдин маданий денгээлин жогорулатуу | |||||
Милдет | Иш- чара | Мөөнөтү | Болжолдуу наркы | Жооптуу | Жыйынтык |
1.Мектеп ,балдар бакчаларын, спорттук залдарды, маданият үйлөрүн, китепкааналарды инвентарлар менен камсыздоо . 2.Жыл сайын Мекенди коргоочулардын күнүн , 8-март аялдардын эл аралык күнүн, Нооруз майрамын, Жеӊиш күнүн, акыркы конгуроо , муниципалдык кызматкерлердин күнүн , Эгемендүүлүк жана билим күнүн, карыялар күнүн, кесиптик күндөрдү жана Жаӊы Жыл майрамдарын белгилөө |
| 2022-2026 -жылдар | Смета боюнча | Отуз-Адыр айыл аймагындагы мектептердин, балдар бакчаларынын, китепкананын, маданият үйлөрүнүн, спорт залдар директорлору; Айыл өкмөтүнүн соцкызматкерлери; | Мектептерде 4000 ашык окуучунун, балдар бакчасында 350 тарбиялануучунун билим алуусуна ыӊгайлуу шарттар түзүлөт, алар китеп менен камсыз болот, спорт залдарында, маданият үйлөрүндө балдар жана жашоочулар үчүн шарт болот; Карыялардын жана аялдардын,жалпы эле элдин жергиликтүү бийликке болгон ишеними жогорулайт, кызматкерлердин жумушка болгон стимулу көтөрүлөт; |
3. Республикалык бюджеттен, чет элдик инвестицияларды тартуу менен, жергиликтүү бюджеттин ,жеке ишкерлердин жана элдин колдосу менен мектептерди жана балдар бакчаларын курууга аракеттерди көрүү;
|
| 2022 жылдан баштап | Смета боюнча | Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери, мектеп директорлору, коомчулук; | Балдардын билим алуусу жана тарбиялануусу үчүн шарттар түзүлөт; |
Стратегиялык максат – 1.2 Саламаттык сактоо кызматынын денгээлин жогорулатуу | |||||
YДТларда кошумча кабинеттерди ачуу, төрөт үйүн кайра ишке киргизүү, ФАПтарды ремонттоо, аларды инвентарлар жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо Ар түрдүү ооруулардын алдын алуу (СПИД, ВИЧ, туберкулез) |
| 2022 жылдан баштап | Смета боюнча | Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, YДТ, ФАП жетекчилери, айыл башчылар; | Элди сапаттуу медициналык тейлөө үчүн шарт түзүлөт; |
Стратегиялык максат 1.3. үй –бүлөө, жаштар жана миграция маселелерин чечүү | |||||
Айыл аймагындагы жаш үй –бүлөөлөргө , жаш адистерге бактылуу жашоо үчүн шарт түзүү аркылуу жакырчылыкты жоюу; |
| 2022 -2026 жылдар | Сметалар жана иш - пландар боюнча | Айыл өкмөтү, депутаттар, активистер, айыл башчылар | Элдердин жашоо деӊгээли көтөрүлөт. |
Стратегиялык максат 1.4. Экологиянын бузулушу менен күрөшүү. | |||||
Отуз-Адыр айылдык аймагынын территориясын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык абалын жакшыртуу |
| 2022-2026 жылдар | Иш –пландар боюнча | Айыл өкмөтү,депутаттар, айыл башчылар, активистер. | Отуз-Адыр айыл аймагы, көркөм, таза аймак болот, Элдин жакшы жашоосу үчүн шарт түзүлөт |
Стратегиялык максат 1.5. Дин маселелери | |||||
Отуз-Адыр айылдык аймагындагы калктын дин маданиятын көтөрүү |
| 2022-2026 жылдар | Иш пландар боюнча | Айыл өкмөтү, депутаттар, айыл башчылар, жааматтар, диний лидерлер | Элдердин диний экстремизге кирип кетүүсүнүн алды алынат |
10.
11.
12.
13.
14.
15.
16.
Стратегиялык максат – 2.1 Жарандардын үй –бүлөлүк кирешесин жогорулатуу боюнча чакан ишканаларды уюштурууга көмөк көрсөтүү | |||||
Милдеттер | Иш чара | Мөөнөтү | Болжолдуу наркы | Жооптуу | Жыйынтык |
Чакан ишканаларды ачуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы нормативдик -укуктук актыларды алууга ыӊгайлуу шарттарды түзөт |
| Жыл сайын | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, айылдык Кеӊеш, айыл өкмөтү; | Тез жана ыӊгайлуу шарттардү түзүү менен жарандар ишкердүүлүктү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат (сүт, жүндү иштетүү, автотехникалык сервис, эмерек жана башка цехтерин ачуу) |
Стратегиялык максат – 2.2 Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга шартарды түзүү жана сатууга шарт жаратуу | |||||
Продукциялардын сапатын аныктоочу лаборатория ачуу,жеке ишкерлерге кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга көмөктөшүү. Сатуу үчүн шарт жаратуу. |
Керектүү жабдыктар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
| 2022-2026 жылдар | Сметалык документтердин негизинде | Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл өкмөтү, Депутаттар ,жеке ишкерлер; | Айылдык аймакта логистикалык борбор жана лабораториянын филиалы ачылып, продукциялар жеринде текшерилип, эт, сүт, кайра иштетилген продукциялардын ЕАЭБ алкагына чыгарууга шарттар түзүлөт; |
Стратегиялык максат – 2.3 Ишкердикти колдоону маалымат алмашуу аркылуу жүргүзүү | |||||
Ишкердикти ачууга жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү |
| Чогултулган сунуштарга ылайык | План боюнча | Аймакта жайгашкан коомдук бирикмелер, жеке ишкерлер, айыл өкмөтү. | Жарандарга маалымат, тажрыйба алмашуу уюштурулуп, жаӊы жана иштеп келе жаткан ишкерлердин чарба жүргүзүүсүнүн кеӊейүсүнө, ишкердүүлүктү жаӊы баштагандарга дем күч берилет. |
Стратегиялык максат – 2.4 Салыктардын топтолушун камсыздоо. | |||||
Жарандардын салык төлөө маданиятын жогорулатуу аркылуу айыл өкмөтүнүн бюджетин жогорулатуу |
| 2022-2026 | План боюнча | Айыл өкмөтү, депутаттар, салык кызматкерлери, айыл башчылар, активистер; | Айыл өкмөтүнүн бюджетине которуулар |
8.3.Айыл чарбасы.
Стратегиялык максат – 3.1 660 га айдоо жерлерине сугат сууну жеткизүү. | |||||
Милдеттер | Иш-чара | Мөөнөтү | Болжолдуу наркы | Жооптуу | Жыйынтык |
2.Тамчылатып сугаруу боюнча методиканы жайылтуу |
| 2022-2026 жыл | Долбоорлоо-сметалык документтер боюнча | Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтү, депутаттар,суу пайдалануучулар бирикмелери
| Кожомбак,Савай-Арык, Жаӊы-Кызыл-Суу, Тажибай жана Фархад айылдарына суу жетиштүү болот. Ички арыктар тазаланат. Сугат суунун тартыштыгы азаят жана сууну пайдалануунун эффективдүүлүгү жогорулайт. |
| |||||
Стратегиялык максат – 3.2 Дыйканчылыкты өнүктүрүү | |||||
2.Дыйкандарды колдоо максатында, органикалык жер семирткичтерди түз жер ээлерине жеткирүүнү колго алуу
|
| 2022-2026 -жыл | План боюнча | Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл өкмөтү | Органикалык жер семирткичтерди колдонуу менен түшүмдүүлүк жогорулайт |
| Айдоо эрежелер тууралуу маалымат такталары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Жыл сайын |
| Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл өкмөтү | Айыл өкмөтүнүн алдындагы маалымат такталарга агротехникалык эрежелерди сактоо, жерлерди которуштуруп айдоо боюнча маалыматтар өз убагында жеткирилип турат. |
Стратегиялык максат – 3.3 Дыйкан чарбалардын ишмердүүлүгүн арттырууга көмөк көрсөтүү жана техника менен камсыздоо | |||||
Дыйкан чарбаларды интеграциялоо
|
| 2022- 2026жыл |
| Дыйкан чарбалар | Yлгү катары 5 кооператив уюштурулат, дыйкан чарбалардын кызыкчылыктарын арттырууга мүмкүнүчүлүк алынат |
Айыл чарба техникаларын натыйжалуу пайдалануу |
| 2022-2026 жыл | Смета боюнча | Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл өкмөтү, дыйкан чарбалар, депутаттар; | Айылдагы айыл чарба техникалары бар фермерлер менен сүйлөшүү жолу менен 2 техникалык сервис уюштурулуп айылдыктар сапаттуу кызматтарды алышат. |
Стратегиялык максат 3.4 Климаттын өзгөрүшүнө ыӊгайлашуу шарттарын түзүү | |||||
Элдер арасында табигый кырсыктардын алдын алууга даярдоо. |
| 2022-2026 жылдары | Смета боюнча | Айыл өкмөтү, ӨКМ кызматтары, депутаттар, дыйкан чарбалар, айыл башчылар | Жарандар жана алардын мал-мүлкү, эгини табигый кырсыктан сакталат |
Стратегиялык максат – 3.5 Мал чарбаны өнүктүрүя жана жайыттарды натыйжалуу пайдалануу | |||||
Мал чарбасын өнүктүрүү,Жайыт комитетинин ишин жогорулатуу | Малдын санын так тактоо менен жайыттарга туура бөлүштүрүү | Жыл сайын | - | Жайыт комитети | Малды идентификациялоо. Жайыттарды сыйымдуулугуна жараша колдонуу. |
Ар бир жайыттын аянтын эсептөө менен, чек араларын тактоо | 2023-жылга чейин | - | Жайыт комитети | Аянттар такталат, кошуна айыл аймактар менен чыр чатактар азаят | |
Алыскы жайыттардын жолдорун, көпүрөлөрүн оӊдоо | Жыл сайын | Смета боюнча | Жайыт комитети | Жайыт жерлерге баруучу жолдор оӊдолот. | |
Деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүү жана алдын - ала иштерди жүргүзүү | Жыл сайын | - | Жайыт комитети | Жайыттар туура пайдаланылып абалы жакшырат. | |
Жасалма уруктандыруу пунктун ачуу жана жайылтуу | Отуз-Адыр айылдык аймагында жасалма уруктандыруу пунктун ачуу жана анын ишин маалымат такталар аркылуу маалымат берүү менен жайылтуу | 2022-2026 | Смета боюнча | Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл өкмөтү, айылдагы ветеринардык кызматкерлер | Асыл тукум малдар көбөйүп, наркы жогорулоо менен үй бүлөлүк киреше көбөйөт. |
| Ветеринардык сервистерди заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу |
|
| Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл өкмөтү, айылдагы ветеринардык кызматкерлер | Жарандарга сапатту ветеринардык кызмат көрсөтүлүп, малдын жугуштуу оорулары азаю менен айылдыктардын ден соолугуна кам көрүлөт |
8.4.Инфраструктура.
Стратегиялык максат – 4.1 Таза суу менен камсыз кылуу | |||||
Милдеттер | Иш-чара | Мөөнөтү | Болжолдуу наркы | Жооптуу | Жыйынтык |
Жарандарды толук таза суу менен камсыз кылуу жана жеткизүү
|
| 2022-2026-жылдар | Смета боюнча | Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл өкмөтү | Жалпы айыл тургундары таза суу менен камсыз болушат. |
Стратегиялык максат – 4.2 Ички жолдорду калыбына келитирүү | |||||
Милдеттер | Иш-чара | Мөөнөтү | Болжолдуу наркы | Жоопту | Жыйынтык
|
Отуз-Адыр айылдык аймагындагы 14 км ички жолдорду асфальтоо жана ремонтоо менен тротуарларды куруу менен элдерге сапаттуу тейлөө корсотуу |
| Жыл сайын | Смета боюнча | Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл өкмөтү | Каражат бөлүнүп жолдор жыл сайын, муктаждыктарга карата кеминде бир жылда 1 км жол асфальт, 5 км жол ремонт болуп турат. 4 жыл ичинде ар бир кочодо тротуар курулат |
Стратегиялык максат 4.3 Социалдык обектерди куруу | |||||
Элдердин жашоо шартын жакшыртуу үчүн айылдарда социалдык объекттерди куруу |
| 2022-2026 | План боюнча | Отуз-Адыр айыл өкмөтү,айыл башчылар,активисттер депутаттар | Жарандарды тейлөө кызматы жакшыртылат |
Стратегиялык максат 4.4 Энергетика объекттерин куруу | |||||
Элдерди электр энергиясы менен камсыздоо |
| 2022-2026 | План боюнча | Отуз-Адыр айыл өкмөтү, айыл башчылар,активисттер депутаттар | Элдерди тейлөө кызматы жакшы болот |
8.5.Кадрлар менен иштөө
Стратегиялык максат –5.1 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу | |||||
Милдеттер | Иш-чара | Мөөнөтү | Болжолдуу наркы | Жооптуу | Жыйынтык |
Жарандарга жеткиликтүү маалымат алмашууну камсыз кылуу | Жарандар менен маалымат алмашууну жакшыртуу, көйгөйлөр боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү колдону | Жыл сайын | - | Жергиликтүү өз алдынча органы (айылдык Кенеш, айыл өкмөтү) | Бийлик менен коомдун ортосундагы байланыш күчөтүлөт, жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуу укугу ишке ашырылат. |
Айылдык аймака инвестиция тартуу боюнча ыӊгайлуу шарттарды түзүү |
| Жыл сайын жаӊыланып турат | - | Жергиликтүү өз алдынча органы (айылдык Кенеш, айыл өкмөтү) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айыл аймакты өнүктүрүү боюнча атайын долбоорлорду иштеп чыгат |
Отуз-Адыр айылдык аймагынын стратегиялык өнүгүү планынын аткарылуусу, туура жүрүшү боюнча мониторинг -- сын сунуштарды, конструктивдик чечүү ыкмаларын берүү менен өнүгүү планынын аткарылуусун камсыз кылууга шарттар түзүлөт.
Мындай иш чараны айыл аймагынын айыл өкмөтү, жергиликтүү Кенештин депутаттары жана коомчулук жүргүзүшү керек. Акча каражатын табуу менен тышкы эксперттерди тартуу, стратегиялык өнүгүү пландын баалоосун так кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
| 1 жарым жылдык | 2 жарым жылдык | Жылдын жыйынтыгы | Жылдын жыйынтыгы | Ар жылдын январь-февраль айында |
Мониторинг
| Айыл өкмөтүнүн коллегиясында каралат | Айыл өкмөтүнүн коллегиясында каралат | Жарандарга Айыл өкмөтүнүн башчысы жылдык отчет берет | Айылдык Кеӊештин депутаттары жылдын жыйынтыгын карайт | Стратегиялык өнүгүү планына кошумчаларды киргизүү |
Урматтуу окурман, Сиз Отуз-Адыр айылдык аймагынын 2022-2026 жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы менен таанышып чыктыӊыз. Дагы ар жылдын башында планга кошумчаларды киргизүүгө болот.
Айылдык аймактын келечектеги Элесине жетүү үчүн даярдалган бардык кыска, орто жана узак мөөнөттөгү долбоорлорду аткарууга болгон ресурстарды пайдаланып, мүмкүн болгон инвестицияларды тартабыз.
Отуз-Адыр айылдык аймагынын 2022-2026 жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу менен айылдык аймактын
жашоочуларынын жашоо шарты жакшырат деп ишенебиз.
Урматтоо менен,
Жумушчу топ.