Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-апрели № 4
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жѳнүндѳ ЖОБОну бекитүү жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жѳнүндѳ ЖОБО бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобуна бекитилген ЖОБОго ылайык иш алып баруу милдети жүктѳлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Беделов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары |
А.Каимов |
| Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын “14”-апрелиндеги кезексиз XXIV сессиясынын № 4 токтому менен бекитилген |
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Жобо айылдык аймактын чегинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын изилдөө боюнча биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (мындан ары – БМ ж Б Тобу) ишмердүүлүгүнүн мазмунун жана тартибин аныктайт.
1.2. БМ ж Б Тобу жергиликтүү жамаатка берилген кызмат көрсөтүүнүн/жумуштардын сапатына мониторингдик изилдөө жүргүзүү максатында түзүлөт.
1.3. БМ ж Б Тобунун мүчөлөрүнүн курамы ыктыярдуу негизде түзүлөт, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, тартылган адистер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана жергиликтүү жамааттын жашоочулары кирет.
1.4. БМ ж Б Тобу өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча айыл өкмөт башчыга, айылдык кеңештин төрагасына жана жергиликтүү жамаатка отчет берет. Отчеттуулуктун формасын Топтун мүчөлөрү аныкташат.
2. БМ ж Б Тобунун компетенциясы
2.1. БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
- кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо;
- кызмат көрсөтүүнүн кабыл алынган стандарттарга шайкештигин баалоо;
- колдонулган ресурстардын сапатын баалоо;
- комплекстүү анализ жана баалоо.
2.2. БМ ж Б Тобунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана натыйжалуулугуна мониторингдик изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- процесске жана жетишилген максаттардын эффективдүүлүгүнө анализ жүргүзөт;
- алынган жыйынтыктарды иштетет жана аларга анализ жүргүзөт;
- сунуштамаларды иштеп чыгат;
- жыйынтыктарды жыйналыштарда талкуулайт;
- мониторингдин жыйынтыктарына эсеп жүргүзөт.
2.3. БМ ж Б Тобунун укуктары:
- кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдөн маалымат алууга;
- БМ ж Б Тобунун компетенциясына кирген изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн айыл өкмөт башчысынан жана кызматкерлеринен зарыл документтерди жана материалдарды алууга укуктуу.
2.4. Айыл өкмөт башчысына, айылдык кеңештин төрагасына жана жергиликтүү жамаатка мониторингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын берүүгө укуктуу.
БМ ж Б Тобунун мүчөлөрү.
3.1. БМ ж Б Тобунун мүчөлөрү укуктуу:
- БМ ж Б Тобунун иш процессинде өз каалоолорун, шектенүүлөрүн, тыянактарын айтууга;
- БМ ж Б Тобунун каалаган кызыктырган мезгили ичинде ишинин абалы жана жыйынтыктары жөнүндө маалымат алууга;
- БМ ж Б Тобунун курамынан каалаган учурда чыгууга.
3.2. Мониторинг тобунун мүчөлөрүнүн милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана БМ ж Б Тобу жөнүндө ушул Жобонун алкагында иш жүргүзүүгө;
- топтун жетекчисине өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду берүүгө;
- топтун жетекчисинин тескемелерин аткарууга.
4. БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн ченемдик-укуктук коштоосу
4.1. БМ ж Б Тобу өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин карманууга тийиш.
5. БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн тартиби
5.1 Мониторинг тобун айыл өкмөт башчысы же айылдык кеңештин төрагасы дайындаган төрага жетектейт.
5.2 Топтун курамы беш мүчөдөн кем болбошу керек:
5.3. Мониторинг тобунун курамы жана анын жетекчиси айыл өкмөт башчынын же айылдык кеңештин төрагасынын чечими менен бекитилет.
5.4. Топтун жыйналышы кварталына бир жолудан кем эмес жана/же зарылчылыгына жараша өткөрүлөт.
5.5. Жыйналыштардын протоколуна Мониторинг тобунун жетекчиси жана мүчөлөрү кол коюшат.
6. БМ ж Б Тобунун иштөө мөөнөтү
6.1 Топтун иштөө мөөнөтү план-тапшырманын мазмуну менен аныкталат. Эгерде ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аныкталбаса, Мониторинг тобу өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет бергенден кийин ишин токтотот. Мониторинг тобунун иштөө мөөнөтү аны түзүү жөнүндө буйрук менен аныкталат.
7. Мониторингдин натыйжалары
7.1. Мониторингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча Протокол түзүлүп, сунуштамалар иштелип чыгат.