Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-апрели № 7
Үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын мартындагы ”Үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жѳнүндѳ” Жарлыгын аткаруу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтү айылдарда жана калктуу конуштарда каада-салттарды,
салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлѳнүү үлпѳтүн,үй-бүлѳлүк,мааракелик салтанаттарды,маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды ѳткѳрүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобо иштеп чыксын.
2. Каада-салттарды,салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү караган үйлѳнүү үлпѳтүн,үй-бүлѳлүк,мааракелик салтанаттарды,маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды ѳткѳрүүнүн тартиби боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн жана ошол максатта айыл ѳкмѳтүндѳ,айылдарда комиссиялардын курамдары түзүлсүн.
3. Айыл башчылар салтанаттарды жана диний үрп-адаттарды ѳткѳрүүчү адамдарга тиешелүү сунуштарды беришсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Беделов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары |
А.Каимов |