Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-апрели № 8
Отуз-Адыр айыл аймагындагы, жашоочулардын коомдук коопсуздугун камсыздоо, үй-бүлөлүк зомбулукту жана кылмыштуулуктун алдын-алуу максатында алкогол ичимдиктерин кечки саат 20:00-дөн эртең менен саат 08:00-гө чейин сатпоо боюнча мөөнөтүн чектөө жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин (Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин компетенциялары) 7-пунктунун, (алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;) негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы айылдарда жайгашкан дүкөн, маркет, кафе жана башка соода борборлорунда, кечки саат 20:00-дөн, эртең менен саат 08:00 чейин алкогол ичимдиктери сатылбасын.
2. Отуз-Адыр айыл аймагындагы айылдарда жайгашкан дүкөн, маркет, кафе жана башка соода борборлорунун ээлери ушул токтом менен таанышып, кол коюп, алдын-ала кат жүзүндө эскертилсин.
3. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 282-беренесине ылайык, алкоголдук ичимдиктерди сатуу тартибин бузуу боюнча жоопкерчилиги менен тааныштырылсын. (айып пул 3.000 сомдон – 13.000 сомго чейин салынат)
4. Отуз-Адыр айыл аймагында 18-жашка чыга элек өспүрүмдөргө алкогол ичимдиктерин, сигарет, насвай сатууга тыюу салынсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө (Н.Калматов), айыл башчыларына жана Отуз-Адыр аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине (Б.Маматов) милдеттендирилсин. (Н. Калматов)
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Беделов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары |
А.Каимов |