Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-апрели № 9
Адыр Отуз айыл аймагындагы жашоочулардын жылкы, мал, кой-эчкилерин жайлоого алып чыгып баккан малчылардын, багуу боюнча (ставка, тариф) бааларын аныктоо жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын алдын алуу жана аларды жою боюнча ветеринардык-санитардык эрежелери жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин (Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин компетенциялары) 4-пунктунун, (жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;) негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагындагы жашоочулардын жылкыларын 1 айлык багуу акысы эки тараптын келишими менен жылкычылар тарабынан кулундарга 400 сомдон башталып, чоң бээлерге 800 сомдон ашпасын;
2. Отуз-Адыр айыл аймагындагы жашоочулардын малдарын 1 айлык багуу акысы эки тараптын келишими менен малчылар тарабынан торпокторго 350 сомдон башталып, чоң уйларга 700 сомдон ашпасын;
3. Отуз-Адыр айыл аймагындагы жашоочулардын кой-эчкилерин 1 айлык багуу акысы эки тараптын келишими менен, койчулар тарабынан козуларга 80 сомдон башталып, чоң койлорго 180 сомдон ашпасын;
4. Отуз-Адыр айыл аймагынан жылкы, мал, кой-эчки чогулткан жана жайлоого чыккан жылкычы, малчы, койчулар Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жана ветеринарына арыз менен канча жандык алып чыгып кетип жаткандыгы боюнча билдирет. (Малчынын паспортунун копиясы тиркелет)
5. Отуз-Адыр айыл аймагындагы жандыктар вакцинациялык эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүлсүн. (Вет.врач Осмон Курбанбаев)
6. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 222-беренесине (Ветеринардык эрежелерди бузуу) ылайык, жоопкерчилиги жөнүндө ар бир малчы тааныштырылсын. (Айып пул – 5.500 сомдон – 23.000 сомго чейин)
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине (А.Мамасалиев) жана Отуз-Адыр өкмөтүнүн вет.врачына (О.Курбанбаев) милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Беделов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары |
А.Каимов |