Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-апрели № 10
Отуз-Адыр айыл аймагында, үй-бүлөлүк той, юбилейлик кечелерди жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин (Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин компетенциялары) 13-пунктунун, (маркумду узатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү;) негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бул токтомдун максаты - Отуз-Адыр айыл аймагынын жашоочуларынын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин төмөндөтпөө, ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо.
2. Отуз-Адыр айыл аймагында тойлор жана кечелер ашыкча чыгашага жана ысырапкорчулука жол берилбесин.
3. Отуз-Адыр айыл аймагында маркумду акыркы сапарга узатууда, маркумдун жана анын жакын туугандарынын, коңшуларынын үйүндө жылкы, мал, кой союлбасын.
4. Маркумдун кыркын, жылдыгын, айттыгын белгилөө өзүнүн үй-бүлөсүнүн жана жакын туугандарынын ичинде өткөрүлсүн.
5. Алыстан келген тууган-уруктарына, аза күткөн жакын туугандарына, кызмат кылган адамдар үчүн, союшу жок мүмкүнчүлүгүнө жараша тамак-аш уюштурса болот.
6. Маркумдун жана анын жакын туугандарынын үйүнө батага келген адамдарга, пакет менен эт жана тамак-аш ташылбасын.
7. Маркумду акыркы сапарга узатууда, аялдардын динде жана каада-салтта жок ырым-жырымдары токтотулсун. (Кийим-кече алып келмей, жыртыш жыртмай ж.б. ырым-жырымдар)
8. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө (Н.Калматов), айыл башчыларга,айылдардын молдолоруна жана Отуз-Адыр аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине (Б.Маматов) милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Беделов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары |
А.Каимов |