ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 13-сессиясынын кезексиз отурумунун
2022-жылдын 11-февралы № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүндө курулуп толук бүтпөй калган жана жаңыдан курулуучу социалдык обьектилерди курууну райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо .
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповдун Чоң-Алай айыл өкмөтүндө курулуп толук бүтпөй калган жана жаңыдан курулуучу социалдык обьектилерди курууну райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо боюнча кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 13-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүндө курулуп толук бүтпөй калган Чак айылынын Куу-Талаа участкасындагы жана Жар-Башы айылындагы балдар бакчаларынын курулуштарын, И Маматмусаев атындагы балдар бакчасынын техникалык базасын чыңдоого жана жаңыдан курулуучу Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков орто мектебине кичи футбол аянтчаны курууга, Жар-Башы айылындагы Н.Кармышев орто мектебине кичи футбол аянтчаны курууга, Дароот-Коргон айылындагы ПМК участкасына жана Кара-Кыя участкасына балдар ойноочу аянтчаларды курууга, Кызыл-Туу айылына жана ПМК участкасына көпүрөө курууга, Кара-Кыя участкасынын тушуна көпүрө курууга, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына темир бетон (ЖБИ) заводун курууга жана Дароот-Коргон, ПМК, Кызыл-Туу каналдарын реконструкциялоого жергиликтүү бюджеттин тартышсыздыгынан райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Жогоруда белгиленген социалдык обьектилердин иш кагаздарын дардоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г.Мадалиев |