Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 14-сессиясынын кезексиз отурумунун
2022-жылдын 28-марты № 1
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байлныштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байлныштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 14-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасындагы №1360 контурдагы таштуу жайыт эсебинде турган 0,20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тиешелелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Ө.Мамажакыповго жана жер маселелери боюнча адистерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Ж.Эрмекбаева |