Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 15-сессиясынын кезексиз отурумунун
2022-жылдын 30-марты № 1
КР Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө №54 Жарлыгына ылайык, Чоң-Алай районунда маркумду узатууда, той аштарды, мааракелерди өткөрүүдө үрп-адат, каада салттарды, ырым-жырымдарды ыксыз чыгымдарды, жөнгө салуу боюнча Жобону бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө №54 Жарлыгына ылайык, Чоң-Алай районунда маркумду узатууда, той аштарды, мааракелерди өткөрүүдө урп-адат, каада салттарды, ырым-жырымдарды ыксыз чыгымдарды кыскартуу жана чектөөлөр боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 15-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө №54 Жарлыгына ылайык, Чоң-Алай районунда маркумду узатууда, той аштарды, мааракелерди өткөрүүдө үрп-адат, каада салттарды, ырым-жырымдарды ыксыз чыгымдарды, жөнгө салуу боюнча 2022-жылдын 23-мартында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Темирболот Асаналиевичтин жетекчилигинде Чоң-Алай районундагы мечит имамдары, аксакалдар, аялдар, жаштар кеңешинин мүчөлөрү жана Кашка-Суу, Жекенди, Чоң-Алай айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын катышуусунда маркумду узатууда, той аштарды, мааракелерди өткөрүүдө үрп-адат, каада салттарды, ырым-жырымдарды ыксыз чыгымдарды, жөнгө салуу боюнча өткөрүлгөн жыйында чектөөлөр жана белгиленген айып пулдардын өлчөмдөрү Жободо көрсөтүлгөндөй болуп бекитилсин.
2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда ушул Жобонун негизинде иш алып баруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү ЧоңАлай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Ж.Эрмекбаева |