Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 15-сессиясынын кезексиз отурумунун
2022-жылдын 30-марты № 2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн балансасында турган Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмү жайгашкан имараттын жер аянтын Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн имаратына алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы А.Кудайбергеновдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн балансасында турган Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмү жайгашкан имараттын жер аянтын Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн имаратына алмаштырып берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 15-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн балансасында турган бүгүнкү күндө Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмү жайгашкан имараттын жер аянты Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн имараты жайгашкан жер аянтына алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
Ж.Эрмекбаева |