Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги VI сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 20-апрели № 6/1
Алыскы жана жакынкы жайыттарды, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана пайдалануу,жер көчкү, жер саясаты боюнча айыл өкмөтүнүн жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылы жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде алыскы жана жакынкы жайыттарды, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана пайдалануу,жер көчкү, жер саясаты боюнча айыл өкмөтүнүн жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылы жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы тууралуу Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы К.Токтомушевдин, айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча башкы адиси Б.Исаевдин маалыматтарын, Ылай-Талаа айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алыскы жана жакынкы жайыттарды, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана пайдалануу,жер көчкү, жер саясаты боюнча айыл өкмөтүнүн жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына жол бербей туура бөлүштүрүү, жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, жайыт акыларынан чогултуу боюнча кескин чараларды көрүү, сырттан келген малдын башын тактап алардан салык өндүрүү жана өз убагында элдерди жайлоого көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жайлоого кеткиче малдын башын тактап эсепке алуу, долбоор аркылуу келген атайын техникаларды ижаралык келишимдин негизинде эффективдүү пайдалануу жана аларды иштетүүдөн түшкөн акчанын тиешелүү бөлүгүн бюджетке түшүрүү, 2022-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу, жайыт багытындагы жер аянттарын уруксаты жок өз алдынча тосуп алгандарга чара көрүп кашааларын алдыруу, жараксыз жерлерди өздөштүрүүнү убактылуу токтотуп туруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго, айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы К.Токтомушевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы ( төрагасы М.Исабаев ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадамбаева |