Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги VI сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 20-апрели № 6/2
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калкты таза суу, сугат суу менен камсыз кылууда Ылай-Талаа айылдык таза суу комитетинин, суу чарба башкармалыгынын 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык айыл аймагындагы Ылай-Талаа, Сай айылдарынын тургундарын ичүүчү таза суу, сугат суулары менен камсыз кылууда айыл өкмөтүнүн алдындагы СООПВ ишканасы, райондук суу чарба башкармалыгыны тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Коңурбаев, Ылай-Талаа айылдык СООПВ ишканасынын башчысы А.Бердибеков, суу чарба башкармалыгынын аймактагы өкүлү К.Акматалиевдердин маалыматтарын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы Ылай-Талаа, Сай айылдарынын тургундарын ичүүчү таза суу, сугат суулары менен камсыз кылууда айыл өкмөтү, СООПВ ишканасы жана райондук суу чарба башкармалыгыны тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагындагы тургундарды ичүүчү таза суу, сугат суулары менен камсыз кылууда белгиленип кеткен кемчилдиктерди тез арада жоюу менен бирге суу пайдаланган абоненттердин картасын, графигин иштеп чыгуу, Ылай-Талаа айылынын калкын таза суу менен жеткиликтүү камсыл кылуу максатында айылдын орто тушуна кошумча резервуар куруу, абоненттерден бекитилген тариф боюнча чогулган каражаттарды максаттуу пайдалануу, "Тар" насостук станциясын 2022-жылы ишке киргизүү, жаңы коюлган суу лотокторунун жараксыздарын алмаштыруу боюнча иш алып баруу жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Коңурбаев, Ылай-Талаа айылдык СООПВ ишканасынын башчысы А.Бердибеков жана суу чарба башкармалыгынын аймактагы өкүлү К.Акматалиевдерге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы ( төрагасы М.Исабаев ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадамбаева |