Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги VI сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 20-апрели № 6/3
Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылындагы Ат-Сарай участкасындагы №380, 384, 383, 386, 388 контурларында турган (0,34 га жайыт, 3,15га жайыт, 1,62 га жайыт, 4,17 га жайыт, 3,20 га жайыт) жалпы жер аянты 12,48 га, Жыл-Кол айылындагы Ак-Көчкү участкасындагы №425, 422, 423, 429 контурларында турган (1,29 га жайыт, 3,60га жайыт, 1,77 га жайыт, 9,51га жайыт) жалпы жер аянты 16,17 га, Жыл-Кол айылындагы Көпүрө-Баш участкасындагы №728 контурунда турган (1,35 га жайыт) жалпы жер аянты 1,35 га, бардыгы 30,00 га жер аянтынын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан“Айыл чарба багытындагы жараксыз жер (прочий) багытына” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашырылсын.
2. Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылындагы Ат-Сарай участкасындагы №380, 384, 383, 386, 388 контурларында турган (0,34 га жайыт, 3,15га жайыт, 1,62 га жайыт, 4,17 га жайыт, 3,20 га жайыт) жалпы жер аянты 12,48 га, Жыл-Кол айылындагы Ак-Көчкү участкасындагы №425, 422, 423, 429 контурларында турган (1,29 га жайыт, 3,60га жайыт, 1,77 га жайыт, 9,51га жайыт) жалпы жер аянты 16,17 га, Жыл-Кол айылындагы Көпүрө-Баш участкасындагы №728 контурунда турган (1,35 га жайыт) жалпы жер аянты 1,35 га, бардыгы 30,00 га жер аянтынын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан“Айыл чарба багытындагы жараксыз жер (прочий) багытына” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берет.
3. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовко тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадамбаева |