Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги VI сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 20-апрели № 6/4
Ылай-Талаа айыл аймагынын Кызыл-Суу участкасындагы № 1713 контурунда турган жалпы 1,00 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан таштанды таштоо үчүн “Өнөр жай жана транспорт,байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер ” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашырылсын.
2. Ылай-Талаа айыл аймагынын Кызыл-Суу участкасындагы № 1713 контурунда турган (1,00 га жайыт,) жалпы жер аянты 1,00 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан таштанды таштоо үчүн “Өнөр жай жана транспорт,байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер ” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берет.
3. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовко тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадамбаева |