Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги VI сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 20-апрели № 6/5
Ылай-Талаа айылында жайгашкан Кой-Сары көчөсүнө (маркум) Ысаков Тобокалдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылында жайгашкан Кой-Сары көчөсүнүн жашоочуларынын жалпы жамаатынын 2022-жылдын 13-апрелиндеги жыйынынын № 1 протоколун карап чыгып айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылында жайгашкан Кой-Сары көчөсүнө Ысаков Тобокалдын ысымы ыйгарылсын.
2. Ысаков Тобокалдын ысымы ыйгарылган көчөнүн абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, үйлөргө номерлерин илдирип, түнкү жарыктандыруу, шагыл төшөө маселелерин чечип берүү, дайыма көзөмөлдөп туруу жагы уулу Ысаков Камил Тобокаловичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадамбаева |