Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги VI сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 20-апрели № 6/6
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн балансында турган МТЗ-82 тракторунун базасындагы экскаватор-бульдозерду айыл аймагында иштетүү үчүн тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесинин 12-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн балансында турган МТЗ-82 тракторунун базасындагы экскаватор-бульдозерду айыл аймагында иштетүү үчүн тарифи тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн балансында турган МТЗ-82 тракторунун базасындагы экскаватор-бульдозерду айыл аймагында иштетүү үчүн төмөндөгүдөй тариф бекитилсин:
- айыл өкмөтүнүн жана башка юридикалык, физикалык тараптардын жумуштарын аткарууда ар бир мото/сааты үчүн---1650 сом.
2. Айыл өкмөтүнүн жумуштарын аткарууда иштетилген ар бир мото/саат боюнча эсептешүү, фотоотчет жүргүзүү жагы айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Келишимдин негизинде аткарылган жумуштун көлөмүнө ылайык иштетилген ар бир мото/сааттан түшкөн каражаттын 1/3 бөлүгүн айыл өкмөтүнүн эсептешүү эсебине төгүп, айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы О.Мамасали кызы менен эсептешүү жагы арендатор Ж.Ибраимовго жана аммортизациялык төлөмдөрдү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсептешүү эсебине төлөтүү жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Токтомушевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Жаңыбаев) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадамбаева |