Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги VI сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 20-апрели № 6/8
Ылай-Талаа айыл аймагында жайгашкан “Зайнабидин” мал базарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу алынуучу жыйымдардын ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2 - “Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо” жөнүндөгү бөлүмчөсүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагында жайгашкан “Зайнабидин” мал базарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу тарифтерин бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагында жайгашкан “Зайнабидин” мал базарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу каралган тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.
(тиркеме тиркелет)
2. Ылай-Талаа айыл аймагында жайгашкан “Зайнабидин” мал базарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бекитилген тарифтерин жетекчиликке алуу менен көрүнүктүү жерге тарифтерди жазып жайгаштырып коюу жагы “Зайнабидин” мал базарынын жетекчиси Ажимаматов Жеңишке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Н.Айтбаев) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Кадамбаева |
| Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 20.04.2022-жылдагы № 6/8 токтомуна тиркеме |
№ |
Алынуучу жыйымдар |
Суммасы |
Эскертүү |
| Ири мүйүздүү малдардан: |
|
|
1 | Жылкы, Уй | 70 сом |
|
2 | Тай, Торпок | 60 сом |
|
| Майда жандыктардан: |
|
|
3 | Кой, Эчкилер | 50 сом |
|
4 | Козу, Улактар | 30 сом |
|
| Үй жаныбарларынан: |
|
|
5 | Индюк, Тооктор | 30 сом |
|
6 | Тамак-аш саткандардан: | 100 сом |
|
7 | Өнөр жай буюмдарын, айыл чарба продукцияларын, көчөт саткандардан: | 50 сом |
|
| Мал жүктөп чыккан автотранспорт ээлеринен: |
|
|
8 | Камаз | 50 сом |
|
9 | Портер | 30 сом |
|
10 | Жеңил автоунаа | 30 сом |
|
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин катчысы: | С.Осмоналиев |