Редакцияот 05.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

5.08.2022-жыл № V/1

Жарандардын тиешелүү короо-жай аянттарынан, ашык пайдалануусунда жүргөн жер аянттрады муниципалдык менчикке алуу жөнүндө.

1.   Жаны-Талап айыл аймагынын  айылдын башкы планынын  негизинде  Ак-Талаа шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен бирдикте жүргүзүлүп жаткан тыгыздоо иштеринде  Жаны-Талап айылынын тургуну Медербекова Гүлжандын ашык пайдалануусунда жүргөн жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.

2.  Муниципалдык менчикке алынган жер аянттарды “Кадастр” мекемесинин Ак-Талаа филиалынан каттоодон өткөрүү жагын жетекчиликке алуу Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн статист жер боюнча башкы адиси С.Саткыновго тапшырылсын.

3.  Каттоого алуу үчүн керек болгон финансылык чыгымдар турак-жай салуу үчүн жер аянтын алган жаранга милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

 Ж.Турдубеков