1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын
1.09.2021-жыл № 4
1-Май айыл аймагынын 2021-жылдагы бюджеттине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-Май айылдык аймагынын 2021-жылдын бюджеттик каражаттын III кварталынын айрым статьяларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы токтом кылат:
1. 1-Май айыл аймагынын 2021-жылдын атайын III кварталына карата бекитилген бюджеттик каражаттын 2987,0(эки миллион тогуз жүз сексен жети миң) сом иштетилбеген статьялардан иштетилүүчү статьяларга которулсун.
№ | Статьялар | Сумма (миң сом) | Бөлумдөр |
1 | Имарат жана курулмалар | -2487,0 | Башкаруу аппараты |
2 | Имарат жана курулмалар | -500,0 | Маданият үйү |
3 | Учурда мүлктөрдү оңдоо | +1000,0 | Башкаруу аппараты |
4 | Ар турдүү чыгым | +1487 | Башкаруу аппараты |
5 | Ар түрдүу чыгым | 500 | Маданият үйү |
6 | Жалпы: | 2987,0 |
|
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзам чегинде чыгымдоо 1-Май айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Кулуев |