САЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Саз айылдык кеңешинин ХХYIII- чакырылышынын 4 - сессиясы
2022-жылдын 28-январы № 13
Саз айыл аймактык №25 филиал- китепканасына ысымын ыйгаруу жөнүндө
Саз айылынын тургуну Жапаров Кубан Союзбековичтин арызы боюнча карап чыгып талкуулап Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 13 токтомунун негизинде 1966-жылдан 2017-жылга чейин китепкананын башчысы болуп эмгектенип, көзү өтүп кеткен Бочубаева Сыйнанын элесин түбөлүкө калтыруу максатында Саз айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Саз айылында орун алган Сокулук райондук борборлоштурулган китепкана
тармагынын Саз айыл аймактык №25 филиал- китепканасына Бочубаева Сыйнанын ысмы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө китепкана башчысы Ж.Байзаковага жүктөлсүн.
Төрага: | Т.Сагыналиев |