Редакцияот 09.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы

2021-жылдын 9-декабры № 8-1

Атамерек айылындагы №21 (ҮДТ) үй-бүлөлүк даарыгерлер тобуна жаңы үлгүдөгү санариптүү рентген системасы аппаратын келтирүү үчүн айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдардагы стратегиялык планына киргизүү жөнүндө

Атамерек айылындагы №21 ҮДТна медициналык рентген аппаратын келтирүү үчүн айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдардагы стратегиялык планына киргизүү жөнүндөгү маселени талкуулап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Атамерек айылындагы №21 үй-бүлөлүк даарыгерлер тобуна медициналык рентген аппаратын келтирүү үчүн айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдардагы стратегиялык планына киргизүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Маданият, билим берүү спорт, жаштар, саламаттыкты сактоо, миграция жана социалдык коргоо ММК боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Ж.Назаров