Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
2021-жылдын 9-декабры № 8-4
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген айыл өкмөтүнүн имараттын чатырын жабуу жана жылуулук системасын жаңылап орнотуу боюнча долбоорго акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына айыл өкмөтүнүн имаратынын чатырын жаңылап жабуу жана жылуулук системасын орнотуу киргизилген. Бул долбоор мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн имаратынын чатырын жаңылап жабуу жана жылуулук системасын орнотууга даяр долбоорго, мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымга 1 045 073 (бир миллион кырк беш миң жетимиш үч ) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Назаров |