Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
2021-жылдын 9-декабры № 8-5
Улуу Ата-Мекендик, Афган жана Баткен согушунун ардагерлеринин жаркын элесине арналган эстелик тургузуу максатында жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Улуу Ата-Мекендик, Афган жана Баткен согушунун ардагерлеринин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу, жаштарды патриоттуулукка жана мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатында Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын алдынан эстелик тургузууга жер аянтын ажыратып берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Улуу Ата-Мекендик, Афган жана Баткен согушунун ардагерлеринин жаркын элесине арналган эстелик тургузуу үчүн Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн административдик имаратына тиешелүү муниципиалдык менчиктеги 5870,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 300,0чарчы метр жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер аянтына болгон архитектуралык пландоо шарттарын даярдап берүүнү Ноокат районунун шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл ъкмът\н\н башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Назаров |