Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX отурумунун
2022-жылдын 25-марты № 9/1
Гагарин айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө.
Ленин айыл өкмөүнүн Согонду, Мурдаш, Күн-Элек, Гагарин айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө депутат Кеңешбек уулу Шайбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин отуруму токтом кылат:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Күн-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө депутат Кеңешбек уулу Шайбектин билдирүүсү эске алынсын.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш , Күн-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүү мөөнөтү аба ырайына байланыштуу көчүп кетүү 1-майдан көчүп келүүсү 10-сентябрга чейинки мөөнөт белгиленсин жана ар бир айылда элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 15-апрелге чейин элдик жыйын өткөрүү айыл өкмөт башчы Б.Субановго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту ,укук тартибин сактоо жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура, курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Орозали уулу Таалайбек |