Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX отурумунун
2022-жылдын 25-марты № 9/2
Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Пазыловдун жүргүзүп жаткан иштери боюнча депутат Байышбек уулу Урматбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин отуруму токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Пазыловдун жүргүзүп жаткан иштери боюнча депутат Байышбек уулу Урматбектин билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Пазыловдун жүргүзүп жаткан иштери эске алынсын,2022-жылдын план тапшырмаларын жыл ичинде толтуруу боюнча иш алып баруу күчөтүлсүн жана сырттан келген бодо малдарга 500 (беш жүз) сомдон ,кой-эчкилерге 100 (жүз) сомдон, айыл тургундарынын бодо малына 50 (элүү), кой-эчкилерге 10 (он ) сомдон жайыт акы алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Пазыловдун план тапшырманы толук толтуруу үчүн жакындан жардам берүү айыл башчылар, А.Айтманбетовго, Б.Максутбаевге, Н.Бубаевге жана А.Матеиповго тапшырылсын жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин балансасында бузук абалда турган ВТГ-90 маркасындагы бульдезорду оңдотүп жүргүзүү айыл өкмөт башчы Б.Субановго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Орозали уулу Таалайбек |