Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX отурумунун
2022-жылдын 25-марты № 9/3
Күн-Элек айылында жашап жаткан жаштардын 2022-жылдын 25-мартындагы жазган арызы жөнүндө.
Ленин айыл өкмөтүнүн Күң-Элек айылында жашап жаткан жаштардын Куу-Там участкасынан Ош-Эркештам автожолунун алдынан бош жерден 0,10га жерди жайкы футбольный аянтча курууга берүү боюнча жазган арызын карап чыгып, Ленин айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Күң-Элек айылында жашап жаткан жаштардын Куу-Там участкасынан Ош-Эркештам автожолунун алдындакы бош жерден 0,10га жерди жайкы футбольный аянтча курууга жер берүү үчүн жерди тактап чыгып , мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн тийешелүү адистерине жана айыл өкмөт башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,архитектура,курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Орозали уулу Таалайбек |