Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX отурумунун
2022-жылдын 25-марты № 9/4
Согонду айылынын Согонду-4 участкасынын тургундарын жана №28 “Наристе-Согонду” балдар бакчасын таза суу менен камсыздоо максатында Согонду айылынын тургуну Ыдырысова Чынардын үйүнүн жанындагы бош жаткан жерге суу топтоочу кампа куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Д.Түгөлбаевдин билдирүүсү жана Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2022-жылдын 11-мартындагы чыгуу №01-8/5-04-08/31 кортундусун карап чыгып, Ленин айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. Согонду айылынын Согонду-4 участкасынын тургундарын жана №28 “Наристе-Согонду” балдар бакчасын таза суу менен камсыздоо максатында Согонду айылынын тургуну Ыдырысова Чынардын үйүнүн жанындагы бош жаткан жер тилкеге суу топтоочу кампа куруу үчүн 0,10 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун негизинде берилген жер тилкесин аныктап иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Тийиштүү документтерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай райондук филиалынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчы Б.Субановго тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Орозали уулу Таалайбек |