Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX отурумунун
2022-жылдын 25-марты № 9/5
Ленин айыл өкмөтүнүн аппараттык жыйынынын 2022-жылдын 24-мартындагы № 11 протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө өтүлгөн жыйындын протоколу боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө өтүлгөн жыйындын протоколу боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн аппараттык жыйынынын 2022-жылдын 24-мартындагы № 11 протоколу бекитилсин жана участкалык инспектор менен биргеликте мыйзам чегинде иш алып баруу, айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл башчылар Н.Бубаев, А.Айтманбетов, Б.Максутбаев, Согонду айылынын айыл башчы кызматын убактылуу аткаруучу А.Матеиповго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчы Б.Субановго тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Орозали уулу Таалайбек |