Редакцияот 24.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

2021-жылдын 24-ноябры № 33

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кош-Этер айылынын “Ак-Терек” атындагы ФАПты ремонттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кош-Этер айылындагы “Ак-Терек” атындагы ФАП капиталдык ремонттоого айыл өкмөттүн стратегиялык планына киргизилсин

2. Сметалык документтерди даярдоо жана тактоо айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине тапшырылсын

3. Финансылык акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинен каралсын жана тиешелүү статянын негизинде акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЕБнүн башчысы К.Нуралиевага милдеттендирилсин

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым:

 Б.Калмурзаева