САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2021-жылдын 15-декабры № 34
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин чатырын алмаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин чатырынын эскилиги жетип, жамгыр жааганда тамчы өтүп жаткандыктан, чатырын алмаштыруу үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн салымы катары 2021-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 870 000 (сегиз жүз жетимиш миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: | Б.Калмурзаева |