Редакцияот 15.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

2021-жылдын 15-декабры № 35

Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Байрак айылындагы Т.Бөрүбаев орто мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Байрак айылынын Т.Бөрүбаев орто мектебинин жылытуу системасы класстарды талапка жооп бергендей жылуулук бербегендиктен, өткөрүп берүүчү гранттка проект жасалып, жылытуу системасын алмаштыруу үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн салымы катары 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 750000 (жети жүз элүү миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым:

 Б.Калмурзаева