Редакцияот 18.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

2022-жылдын 18-январы № 37

Кош-Этер айылынын тургуну Турдумаматов Маликжандын эски магазинин турак жай багытына өзгөртүү жөнүндө

Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Этер айылынын тургуну Турдумаматов Маликжандын эски магазинин турак жай багытына өзгөртүү жөнүндө арызын карап Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Этер айылынын тургуну Турдумаматов Маликжандын эски магазини турак жай багытына өзгөртүлсүн

2. Тиешелүү документтерди тактоо, даярдоо жана аны иш жүзүнө ашыруу үчүн жер аянтын мыйзам чегинде кароо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Нуралиев Жылдызбеке тапшырылсын

3. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым:

Б.Калмурзаева