САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 18-январы № 38
Айыл аймакта жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептерде эмгектенип жаткан колдоого муктаж көп балалуу үй бүлөлөргө жана турмуш шарты оор аярлуу катмарга кирген мугалимдерге көмөк көрсөтүү жөнүндө
Ош областык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кайрылуусунун негизинде айыл аймакта жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептерде эмгектенип жаткан колдоого муктаж көп балалуу үй бүлөлөргө жана турмуш шарты оор аярлуу катмарга кирген мугалимдерге көмөк көрсөтүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен төрт жаш мугалимге 6000-00 (алты миң) сомдон бир жолку жөлөк пул берилсин
2. Айыл аймакта жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептерде эмгектенип жаткан колдоого муктаж көп балалуу үй бүлөлөргө жана турмуш шарты оор аярлуу катмарга кирген мугалимдерге Салам-Алик айыл өкмөтү тарабынан жардамга бекер бир тоннадан көмүр берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | Б.Калмурзаева |