Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 18-январы № 40
Ак-Терек айылынын тургуну Караева Зуураны Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ардактуу атуул наамына коюу үчүн депутат Чекиров Жандарбектин сунушу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык Ак-Терек айылынын тургуну Караева Зуураны Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылынын тургуну Караева Зуурага Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду көзөмөлдөө жагы “Билим берүү, маданят, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социальдык маселелер, дин иштери тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: | Б.Калмурзаева |