Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 18-январы № 43
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан көмүр кендеринин оор жүк ташуучу машиналарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Жакыпов Жоомарттын оозеки сунушунун негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан көмүр кендеринин оор жүк ташуучу машиналарын токтотуу үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан көмүр кендеринин оор жүк ташуучу машиналары жаз келип жер бошошкондугуна байланыштуу, жолдо жүрүү 15-февралдан 15-апрелге чейин токтотуу үчүн ДЭП 5 жол тейлөө кызматы мекемесинен суралсын
2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: | Б.Калмурзаева |