САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 18-январы № 44
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Кара-Кулжа районунун элине өтүп кеткен Беш-Терек жайлоосун Салам-Алик айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Беш-Терек жайлоосу Кара-Кулжа районунун элине жай, күз мезгилинде мал жандык багуу үчүн өтүп кеткендиктен, ошол жайлоону Салам-Алик айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөн районунун мамлекеттик адмнистрациясына сунуш берүүгө Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Беш-Терек жайлоосу Кара-Кулжа районунун элине жаз, жай, күз мезгилинде мал жандык багуу үчүн өтүп кеткендиктен, ошол жайлоону Салам-Алик айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөн районунун мамлекеттик адмнистрациясына сунушталсын
2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: | Б.Калмурзаева |