Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы
2021-жылдын 1-декабры № 35
Панфилов, Эфиронос жана Жайылма айылдарынын көчөлөрүнө таш шагыл төгүү жөнүндө
Курама айылдык кеңештин төрагасы Р.Р. Мамбеталиевдин Панфилов, Эфиронос жана Жайылма айылдарынын көчөлөрүнө таш шагыл төгүү жөнүндө маалыматтын угуп жана талкуулап, Курама айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алуу менен, Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл өкмөтүнүн бюджетинен “Панфилов, Эфиронос жана Жайылма айылдарынын көчөлөрүнө таш шагыл төгүү” долбооруна катышууга 500 000 сом акча каражаты каралсын.
2. “Панфилов, Эфиронос жана Жайылма айылдарынын көчөлөрүнө таш шагыл төгүү” долбооруна катышуу үчүн демилгелүү топтуп мүчөлөрү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
1. Бейсембаева М.Т. – айыл өкмөттүн башчысынын орун басары
2. Мамбеталиев Р.Р. – айылдык кеңештин төрагасы
3. Манамкулов Д.М. – айылдык кеңештин депутаты
4. Жееналиев Р.Б. –ТЖК чарбанын башчысы
5. Исаева Д.З. – айыл өкмөттүн адиси
3. “Панфилов, Эфиронос жана Жайылма айылдарынын көчөлөрүнө таш шагыл төгүү” долбооруна катышуу үчүн мониторинг боюнча топтуп мүчөлөрү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
1. Кулубаев Б.С. – айыл өкмөттүн адиси
2. Камбаров А.А. – айылдык кеңештин депутаты
3. Жусупов М.Б. – айылдык кеңештин депутаты
4. Усеналиева М. – Панфилов айылынын тургуну
5. Бакирова И. – Панфилов айылынын тургуну
Айылдык кеңештин төрагасы | Р.Р. Мамбеталиев |