Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы
2021-жылдын 1-декабры № 34
Панфилов айылындагы Панфилов орто мектебинин эски жыгач терезелерин пластик терезелерге алмаштыруу жөнүндө
Курама айылдык кеңештин төрагасы Р.Р. Мамбеталиевдин Панфилов айылындагы Панфилов орто мектебинин эски жыгач терезелерин пластик терезелерге, дем берүүчү гранттын эсебинен алмаштыруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттар кийинкини белгилешти: Курама айыл аймагындагы Панфилов айылында орто мектеп 1971-жылы тургузулган, ошол убакыттан бери терезелерди которуу боюнча иштер жүргүзүлгөн эмес. Терезелер эскиргендиктен, күз-кыш мезгилине даярданыш үчүн мектептин администрациясы терезелерди полиэтилен кленка менен жылуулоого мажбур болушат. Натыйжада бөлмөлөр шамалдатылбайт, окуу процесси капа кабинеттерде өтөт. Жогоруда айтылганды эске алуу менен, мугалим жана окуучуларда респиратордук жана аллергиялык оорулардын пайда болусуна алып келүүсү мүмкүн.
Долбоордун жалпы бюджети: 3 627 310 сом;
Айыл өкмөттүн салымы: 725 462 сом
Жогоруда айтылгандын негизинде, Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Панфилов айылындагы Панфилов орто мектебинин эски жыгач терезелерин пластик терезелерге алмаштыруу” долбоору жактырылсын жана жергиликтүү бюджеттен 725 462 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Долбоордун материалдары финансы министирлигинин Панфилов башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын финансы министрилигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы | Р.Р. Мамбеталиев |