Редакцияот 01.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы

2021-жылдын 1-декабры № 33

Курама айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.М. Машлановага ишеним көрсөтпөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесинин 1-пунктунун 13-бөлүгүнүн негизинде жана Курама айылдык кеңештин депутаттарынын Курама айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө жөнүндө сунушун талкуулап, ачык добуш берүү жолу менен көпчүлүк депутаттардын добушунун негизинде, Курама айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курама айыл өкмөттүн каржы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Машланова Эльвира Малымбаевнага ишеним көрсөтүлбөсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Н.М. Узакбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Р. Мамбеталиев