КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы
2021-жылдын 1-декабры № 32
Курама айылдык кеңештин депутаты Т.С. Ляленконун ыйгарым укутарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 10-бөлүгүнүн негизинде жана жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандын негизинде Курама айылдык кеңештин депутаты Т.С. Ляленконун ыйгарым укутарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө суроону айылдык кеңештин депутаттары карап жана талкуулап, ошондой эле көпчүлүк депутаттардын добушу боюнча кабыл алынган чечимдин негизинде, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айылдык кеңештин депутаты Ляленко Татьяна Сергеевнанын ыйгарым укуктары жогоруда көрсөтүлгөн себептин негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул токтомдун көчүрмөсүн Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төрага | Р.Р. Мамбеталиев |